Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

БШК Нарын шаардык кеңеши шайлаган мэрди тааныган жок


Нарын шаарынын борбордук аянтындагы эстелик. Архив.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин жаңы мэрди шайлаган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрөгасы Автандил Молдосалиев билдирди.

“Шайлоону БШК өткөрөт. Бирок биз жаңы мэрди шайлоонун алдында алардан “мыйзамга кол коюлду, кандай болот” деп сураганда алар “шайлоо өтө берет, анткени бул иш-чара мурда бекип калган” дешти. Ошентип шайлоону Аймактык шайлоо комиссиясы өткөргөн”, - деди Молдосалиев.

Нарын шаардык кеңеши 22-октябрда калаа жетекчисин шайлоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекиткен. Эки киши талапкер болуп, жарышта Сталбек уулу 16 добуш алган, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добушка ээ болгон. 1 депутат экөөнө тең каршы добуш берген. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин жана райондордун акимдерин президент дайындай турган болгон. Ал эми акимдер айыл округдардын башчыларын бекитет. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG