Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Өзбекстан: шайлоодо Мирзиёевдин жеңгени расмий жарыяланды


Шавкат Мирзиёев. 24-октябрь, 2021-жыл
Шавкат Мирзиёев. 24-октябрь, 2021-жыл

Өзбекстанда жекшембиде өткөн президенттик шайлоону азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды.

Расмий маалыматка ылайык, "Элдик демократиялык партиядан " Максуда Варисова добуштардын 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу партиясынын" лидери Алишер Кодиров 5,5%, "Экологиялык партиядан" Назрулло Обломурадов 4,1%, “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды.

БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты.

Өзбек оппозициясы шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин, "жасалма шайлоо" болгонун белгилеп жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоо тынч өткөнү менен "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG