Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:59

Кабул: аскердик ооруканага террордук чабуул жасалды


Кабулдагы аскердик госпитал. 2-ноябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы аскердик госпитал. 2-ноябрь, 2021-жыл.

Кабулдагы аскердик госпиталга террордук кол салуудан кеминде 19 адам каза таап, ондогон киши оор жаракат алды.

Кээ бир маалымат булактары ооруканадагы жардыруудан жана атышуудан кеминде 25 киши окко учканын кабарлашты. Бул кол салууну азыр эч бир террордук топ моюнуна ала элек.

Аскердик оорукананын тосмосундагы жардыруу

Кабулдагы эң чоң аскердик оорукананын аймагына белгисиз куралдуу топ түш ченде кирип барып, эки ирет жардыруу болгон. Алар туш тарапка аткылаганы кабарланды. Бул террордук кол салуудан расмий маалымат боюнча кеминде 19 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган. Ал эми жергиликтүү маалымат агенттиктери жалпысынан 25 адам окко учканын жазып чыкты.

“Талибан” өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн орун басары Билал Карими кол салуу болгонун ырастап, окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү жиберилгенин билдирди.

"Жардыруулар 400 орунга ылайыкташкан аскердик оорукананын алдында болгон. Азыркы убакка чейин бул кол салуунун себептери белгисиз. Жардыруудан каза болгондор менен жаракат алгандардын толук саны дагы деле такталууда", -деди Билал Карими.

Кабулдагы аскердик ооруканага жасалган кол салуудан кийин. 2021-жылдын 2-ноябры.
Кабулдагы аскердик ооруканага жасалган кол салуудан кийин. 2021-жылдын 2-ноябры.

Кабулдагы жергиликтүү басылма күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, "оорукананын кире беришинде эки жолу жардыруу болгонун, кийин андагы сакчылар менен атышуу учурунда кол салган топтун арасынан дагы жанкечтилердин төртөө жок кылынып, экөө жарадар болуп кармалганын" маалымдады.

Үрөй учурган көрүнүш

Окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрдөн аскердик оорукананын ичи-тышы канга боёлуп, окуя болгон тилкедеги имараттар түтүнгө чулганганын көрүүгө болот.

Аскердик госпиталга жанаша турган балдар ооруканасынын дарыгери Шабир Ахмади үрөй учурган окуяга күбө болгонун “Азаттыктын” ооган кызматына айтып берди.

"Түшкү саат бирлер чамасы болчу. Бизде оорукананын ичинде тамак-аш жок. Кесиптешим экөөбүз түштөнүп алганы сыртка чыгып келели дегенбиз. Биздин оорукананын дарбазасына эки метрдей калганда, ары жактан кокустан катуу жардыруу болду. Ал жакта адамдар турган болчу. Бизди жардыруунун толкуну жерге кулатты. Бир кыйладан соң эсиме келсем, биздин бети-башыбызга кан чачырап, туш тарапта адамдардын дене-мүчөлөрү жатыптыр. Жардыруу менен атышуу болгон аскердик ооруканага келсек, андан дагы үрөй учурган көрүнүштү көрдүк. Оорукананы кайтарган талиб күзөтчүлөрү улам асманга аткылап жатышты",- деп айтып берди ооган дарыгери Шабир Ахмади.

Кабулдагы аскердик ооруканадагы жардыруу.
Кабулдагы аскердик ооруканадагы жардыруу.

Талиб аскерлеринин жоготуулары белгисиз

Бул террордук кол салуу учурунда аскердик оорукананы кайтарган талиб күзөтчүлөрү, анда иштегендер жана дарыланып жаткандардын айрымдары жабыркаган. Биринчи тосмодо эки ирет жардыруу болуп, ок атышуу башталганда оорулуулар коопсуз жайга которулганын аскер врачы эл аралык “Франс-пресс” агенттигине билдирди.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости "Твиттерине" жардыруу болгон жерде талибдердин атайын даярдыктагы аскерлери болгонун айтып, бирок өздүк курамдан канча жоготуу болгону тууралуу жазган эмес.

Ооганстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мохаммад Пайкан кыскача маалымат берүү менен чектелди.

"Бүгүнкү жардыруу менен коштолгон куралдуу кол салуунун айынан аскердик кызматта жүргөн адамдар жана жайкын тургундар дагы каза тапты. Мындан сырткары оор жаракат алгандар болду. Алардын арасында эки аял киши да бар", - дейт министрдин орун басары Мохаммад Пайкан.

Кабулдагы аскердик ооруканага кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук уюм моюнуна ала элек. Бул окуя Ооганстанда “Талибан” бийликти алгандан берки эң чоң террордук акты болуп калды. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз.

"Талибан" Кабулдагы бийликти басып алгандан бери "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал уюму мечиттерде, башка жайларда бир нече жардырууларды уюштурган. Бул террордук топ 2017-жылы ушул эле аскердик ооруканага кол салып, анда 30дан ашуун адам окко учканы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG