Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Пакистанда кымбатчылык саясий абалды курчутту


Пакистан. Оппозициялык альянс - Пакистан Демократиялык Кыймылы - Карачи порт шаарында мунайдын, электр энергиясынын жана күнүмдүк товарлардын кымбатташына каршы нааразылык акциясы.
Пакистан. Оппозициялык альянс - Пакистан Демократиялык Кыймылы - Карачи порт шаарында мунайдын, электр энергиясынын жана күнүмдүк товарлардын кымбатташына каршы нааразылык акциясы.

Пакистанда азык-түлүккө жана күйүүчү майга баанын кескин өсүшү калктын нааразылыгын жаратты.

Бул өлкөдө өткөн алты айга салыштырмалуу товарлар эки эсе кымбаттап, өлкөдөгү инфляциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Баалардын жогорулашы саясий олку-солкулукка түрткү болгону кабарланууда.

Рупий кунсузданып, баалар асмандады

Пакистанда рупий кескин кунey жоготуп, бул күндөлүк керектөөчү товарлардын, азык-түлүктүн, дары-дармектин жана күйүүчү майдын эки-үч эсе кымбатташына алып келди.

Мындай жагдай 220 млн. калкы бар Пакистанда өкмөткө нааразылыкты жаратты.

Жуманын башында Имран Хандын өкмөттөн кетишин талап кылган каршылык акциялары күчөдү. Саясий абал курчуп, Пакистандын Наваз мусулмандар лигасы жана Жамиат Улема ва Ислам диний-радикалдык саясий партияларынын желектерин көтөрүп чыккандар “Имран Хан кет” деп кыйкырып, анын карикатурасын кармап турушту.

Пакистан. Имран Хандын өкмөтүнө каршы акция.
Пакистан. Имран Хандын өкмөтүнө каршы акция.

The Economist журналынын маалыматы боюнча Ооганстан менен 2430 чакырымга чек ара сызыгынын узундугу боюнча чектешкен Пакистан соңку айда инфляциянын өсүшү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунга чыкты.

Пакистандын Статистикалык бюросунун маалыматына караганда, сентябрь айынын соңунда Пакистанда инфляциянын көлөмү 9% түздү. Августта бул көрсөткүч 8,4% эле. Улуттук валютанын куну 20% га түшүп, 1 АКШ доллары 175 рупий болду.

Ага карабай Хандын өкмөтү 15-октябрда Эл аралык валюта кору менен 1 млрд. доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүүдөн соң электр энергиясына жана күйүүчү майга бааны кайра көтөрдү.

Оппозиция Имран Хандын отставкасын талап кылууда

Премьер-министр Имран Хандын өкмөтүнө каршы саясий акцияларды тогуз оппозициялык партиядан турган Пакистандын демократиялык кыймылы уюштурууда. Былтыр түзүлгөн бул кыймыл “Имран Хан элдин жашоосун оорлотуп, ансыз да алсыз экономиканы кедеринен кетирди” деп айыптап чыкты.

Жамиат Улема ва Ислам саясий тобунун лидери Рашид Сумро митингде Имран Ханды башкара албайт деп сындады:

"Биз биринчи күндөрдө эле бул премьер-министр татыксыз экенин айтып чыкканбыз. Ал болгону бирөөнүн эле куурчагы. Бул киши өлкөнү кантип башкарууну билбейт? Ал өлкөнү талкалайт. Биз биринчи айтып чыкканда, эч ким ага көңүл бурган эмес. Үч жыл өтүп, эми бизге макул болуп жатат. Ал адамдарды жөн эле бактысыз кылып койду. Кембагалдар азыр керек болсо, күнүнө эки жолку тамагын да сатып ала албай калышты. Биз анын бийликтен кетишин талап кылабыз", - деди оппозиция лидери Рашид Сумро.

Премьер-министр Имран Хан Техрик-ва Инсаф партиясы менен 2018-жылы бийликке келген.
Премьер-министр Имран Хан Техрик-ва Инсаф партиясы менен 2018-жылы бийликке келген.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын эмгек жана маданият министри Шавкат Юсафзай баалардын өсүшүн дүйнөлүк базардагы суроо-талаптын күчөшү менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал бул үчүн мурдагы өкмөттүн мүчүлүштүгүн айыптады.

Пакистандын ичиндеги көз карандысыз экономисттер Хандын өкмөтү "абалды жакшыртуу боюнча убадаларын аткарган жок" деп сындашууда. Жергиликтүү калктын арасында 20 килограмм буудай ундун бир мүшөгү 1400 рупийге чыкканына даттангандар бар. Туташ жумушсуздук жана кирешенин аздыгы жакырчылыкты күчөткөнү айтылды.

Эл аралык валюта корунун Пакистанга жардамы

Эл аралык валюта кору 2019-жылы Исламабадга үч жылга 6 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө насыя берүүнү караган.

Эл аралык валюта корунун Түштүк Чыгыш жана Борбор Азия боюнча директору Жихад Азур кризис жалпы чөлкөмгө тиешелүү экенин айтты:

"Мунайга болгон баанын жогорулашы аны сырттан ташыган өлкөлөргө таасир этип, инфляциянын кескин өсүшүнө алып келет. Өзгөчө, азык-түлүккө болгон дагы баалар кымбаттайт. Бул көрүнүш чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдө орун алат. Баалардын өсүшү быйыл жана эмдиги жылы эң жогорку чекке жетери күтүлүүдө. Андан ары кайра түшө баштайт. Албетте, бул инфляциянын байма-бай секиригине байланыштуу. Анан дагы бул нерсе аз киреше тапкан калктын аялуу катмарына терс таасирин тийгизет. Ошондуктан мындай кымбатчылык бир-эки жылдан ашып, узакка созулуп кетишин алдын алуу үчүн туура саясат жасап, этият болууга үндөйбүз".

Пакистандын өкмөтү каржылык колдоо алуунун шарты боюнча азык-түлүктүн, электр энергиясынын жана күйүүчү майдын бааларын кармоо үчүн бөлүнчү акчалай жардамды кыскарткан. Салыктарды көбөйтүп, улуттук валюта рупийди жасалма жол менен колдоону токтоткон. Бул жагдай Пакистанда инфляциянын кескин жогорулашын шарттады.

Имран Хандын Техрик-ва Инсаф партиясы 2018-жылы парламенттик шайлоодон утуп, ал коалициялык өкмөттү жетектеп калды. Хан коррупциянын тамырын кыркып, экономиканы көтөрүүгө убада берген. Атаандаштары Имран Хан убадасына турбаганын сындашууда.

Исламабад. Пакистандын премьер-министри Имран Хандын телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусу.
Исламабад. Пакистандын премьер-министри Имран Хандын телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусу.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 29-октябрь жума күнгө Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG