Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

Кабулдагы аскердик ооруканада кош жардыруу болду


Оорукана тараптан чыгып жаткан түтүн. Кабул, 2-ноябрь 2021-жыл
Оорукана тараптан чыгып жаткан түтүн. Кабул, 2-ноябрь 2021-жыл

Кабулдагы эң ири аскердик ооруканада кош жардыруудан кийин аткылашуу тутанды. Айрым булактар 15 киши өлгөнүн кабарлашты. "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) коопсуздук боюнча расмий өкүлү Reuters агенттигинин кабарчысына кеминде 15 киши жан бергенин, 30дан ашууну жараат алганын айтты.

Жергиликтүү тургундар бөлүшкөн сүрөттөрдө Сардар Мохаммад Дауд Хан атындагы ооруканадан түтүн чыгып жатканы көрүнүп турат.

Талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Билал Карими жарылуунун себеби аныктала электигин маалымдады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү өлгөндөр бар экенин айтып, бирок санын тастыктаган жок жана атайын күчтөр окуя болгон жерге келишкенин Твиттерге жазды.

Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. "Талибан" Кабулдагы бийликти басып алгандан бери "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал уюму мечиттерде, башка жайларда бир нече жардырууларды уюштурган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG