Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

2030: Кыргызстан абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун климат саммитинде сүйлөп жатат, 2-ноябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун климат саммитинде сүйлөп жатат, 2-ноябрь, 2021-жыл.

2-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитинде чыгып сүйлөп, Кыргызстандын улуттук деңгээлде аныкталган салымы менен тааныштырды.

"2030-жылга карай Кыргызстан көмүр кычкыл газын 44% кыскартуу максатын көздөйт. Ушул тапта дүйнөлүк деңгээлден алганда биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес. Болжол менен 0,03% түзөт. Анын табияты антропогендик мүнөзгө ээ. Биздин эсептөөлөр боюнча климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багыталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн 7 млрд. АКШ доллары талап кылынат", – деп белгиледи Жапаров.

Президент Жапаров 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын айтты. Бул үчүн өнөр жай менен турак-жай сектору көмүрдөн толук баш тартып, электр энергиясы менен камсыздалат. Бул максатта 10го чукул кичи жана орто гидроэлектр станциялар курулуп жатканын кошумчалады.

Жапаров өнүккөн өлкөлөрдү бул тармакка инвестиция салууга чакырды. Ал ансыз Кыргызстан жашыл экономикалык өнүгүүгө жана абаны булгаган газдарды азайтууга жетише албай турганын айтты.

2-ноябрда БУУнун климат саммити уланууда. Садыр Жапаров Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдардын жетекчилери менен жолукту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG