Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

2050: Кыргызстан көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөт


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров COP26 саммитинде сүйлөп жаткан учуру. 2-ноябрь, 2021-жыл
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров COP26 саммитинде сүйлөп жаткан учуру. 2-ноябрь, 2021-жыл

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинин биринчи күнү дүйнөлүк 100 лидердин биргелешкен билдирүүсү менен жыйынтыкталды. Анда 2030-жылга карата Жер шарындагы токойлорду кыйганды токтотуп, мүмкүн болушунча кайра калыбына келтирүү убадасы айтылды.

Саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-ноябрда сөз сүйлөдү.

“Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат”,-деди ал.

Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепети өлкөнүн табиятына жана калкына сезилип жатканын айтып, Бишкек Париж келишиминин максаттарын актай турганын белгиледи. Кыргызстан 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышуу уланарын кошумчалады.

“Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу максатын коюп жатат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмиссиянын түзүмүндө биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес, болжол менен 0,03% түзөт. Ал эми эмиссиянын табияты өндүрүштүк эмес, адамдардын жашоосуна байланышкан, башкача айтканда антропогендик мүнөзгө ээ. Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн 7 миллиард АКШ доллары талап кылынат. 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат. Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы. Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык”.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес.

2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.

"Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз. Атап айтканда, биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз",-деди президент Жапаров.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% ак кар, көк муз жамынган тоолор түзөт. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Ошол эле маалда чөлкөмдөгү суу бөлүштүрүү жана пайдалануу маселесинде келишпестиктер бар.

Дүйнө лидерлери кандай пикирде?

АКШ президенти Жо Байден климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын, жаңы технологияларды иштеп чыгуу менен миллиондогон жумуш орундарын түзсө болорун айтты. Бирок ошол эле маалда америкалык делегация климатты сактоо багытындагы конкреттүү пландарын ачык айта элек.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммитте 2070-жылга барып өлкө толугу менен парник газдарын токтото турганын билдирди.

Ушул он жылдыктын соңунда колдонгон электр энергиясынын дээрлик жарымын кайра калыбына келе турган булактардан алуу планы бар экенин жарыялады. Эске сала кетсек, Индия парник газдарынын көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү өлкө. Биринчи орунда АКШ, андан кийин Кытай турат. Бирок Нарендра Моди өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бул үчүн колдоо зарылдыгын айтты.

Саммитке төрагалык кылган Алок Шарма Париж келишимин ишке ашырууда каржылоо убадасын берген өлкөлөрдү атады. Дүйнө лидерлерине климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшкөн жаштар, ишкерлер жана түпкүлүктүү улуттар да кайрылуу жасап, планетадагы абанын температурасын 1,5 градустан ашырбоого чакырык жасады.

Алок Шарма Британия, Германия, Канаданын бийлигине кайрылып, 100 миллиард доллардык каржылоо программасын баштоонун зарылдыгына токтолду. Бул үчүн "өнүккөн өлкө лидерлерине саясий эрк керек экенин" баса белгиледи.

Климаттык өзгөрүүдөн жабыр тарткан өлкөлөр мындай каржылоодон көмөк алып, жашыл экономикага өтүүгө даярдана алышат.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Clean Green Initiative демилгесинин алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инфраструктуралык түзүмүнө жашыл технологияларды киргизүү мерчемделгенин билдирди. Анын алкагында Африка, Индияга жалпы суммасы үч миллиард доллардык инвестиция 2030-жылга чейин жасалат.

Британиянын CDC каржылык өнүгүү институту алдыдагы беш жылда климаттык өзгөрүүнү токтотууга үч миллиард фунт-стерлинг каражат бөлөт. Анын алкагында 200 миллион фунт-стерлингдик Климаттык инновациялар фонду түзүлөт.

Жапаровдун жолугушуулары

Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери катышууда. Дүйнө лидерлеринин жыйыны 12-ноябрга чейин созула турган конференциянын алкагындагы эң ири иш-чара болуп саналат.

Глазгодогу саммиттин алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүк стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан.

Британ премьери Борис Жонсон, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш. 1-ноябрь, 2021-жыл.
Британ премьери Борис Жонсон, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш. 1-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Глазго сапарынын алкагында Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүп жаткан айрым донор уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.

1-ноябрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Анда тараптар ортодогу кызматташтык алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда климаттык инвестициялык программа жана климаттык каржылоо борборунун иши тууралуу маалымат берди. Борбор климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга багытталган пилоттук программанын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жардамы менен түзүлгөн.

Одиль Рено-Бассо Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалап, жашыл экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана башка энергетика долбоорлорун активдүү колдоого даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава менен да жолугушту. Мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, каржы уюмунун өлкөнүн экономикасын колдоодо берген жардамына ыраазылык билдирди.

Садыр Жапаров донор уюмдардын башчыларын Кыргызстанда климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууда кызматташууга чакырды. Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисине климаттык каржылоо портфелин 150 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Масацугу Асакава бул маселе АӨБ директорлор кеңеши менен талкууланарын билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Армениянын президенти Армен Саркисян жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы жолугушууларда лидерлер эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Президент Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушууда суу энергетикалык потенциалынын 15% гана пайдаланып жатканын белгилеп, өлкөдө 200гө жакын кичи жана 30 ири ГЭС курууга болорун билдирген.

"Эгерде биз бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргызстан толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат”, - деди.

Президент Глазгого менчик учак жалдап барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары кабарлады.

Президенттин администрациясы кайсы жана канча каражатка, кимдин учагы жалданганы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Мамлекет башчыны ташыган "ТУ-154" үлгүсүндөгү учак техникалык жактан эскирип, эл аралык талапка жооп бербегендиктен, коопсуздуктан улам аталган өлкө кондурбасын билдирген.

2019-жылы декабрда бул учак ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан кайтарда абага көтөрүлө албай калган. Жарандык авиация департаменти ага учактын техникалык абалы себеп болгонун билдирген. Натыйжада Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация каттамдык учак менен кайтып келген.

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган "ТУ-154" учагы 1993-жылы чыгарылган. Айрым маалыматтарга ылайык, Садыр Жапаровго жакында жаңы учак алынат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар.

Глазго: Дүйнө лидерлери планетанын камын көрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:55 0:00

XS
SM
MD
LG