Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Садыр Жапаров Глазгодо мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин көтөрдү


Садыр Жапаровдун Глазгодогу жыйында сүйлөгөн учуру.
Садыр Жапаровдун Глазгодогу жыйында сүйлөгөн учуру.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоду. Жапаров эл аралык жыйында 2-ноябрда сөз сүйлөдү:

"Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар. Мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам", - деди ал.

Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепети өлкөнүн табиятына жана калкына сезилип жатканын айтып, Бишкек Париж келишиминин максаттарын актай турганын белгиледи. Кыргызстан 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышуу уланарын кошумчалады.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити 1-ноябрда башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди.

Саммит алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG