Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Президент Садыр Жапаров Глазгодо эл аралык донорлор менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава.
Президент Садыр Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава.

Президент Садыр Жапаров Глазго сапарынын алкагында Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүп жаткан айрым донор уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.

1-ноябрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Анда тараптар ортодогу кызматташтык алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда климаттык инвестициялык программа жана климаттык каржылоо борборунун иши тууралуу маалымат берди. Борбор климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга багытталган пилоттук программанын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жардамы менен түзүлгөн.

Одиль Рено-Бассо Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалап, "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана башка энергетика долбоорлорун активдүү колдоого даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава менен да жолугушту. Мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, каржы уюмунун өлкөнүн экономикасын колдоодо берген жардамына ыраазылык билдирди.

Садыр Жапаров донор уюмдардын башчыларын Кыргызстанда климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууда кызматташууга чакырды. Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисине климаттык каржылоо портфелин 150 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Масацугу Асакава бул маселе АӨБ директорлор кеңеши менен талкууланарын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине катышууда. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрүп, сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Глазгодогу саммит алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG