Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

COP26: Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөт


Садыр Жапаров. 1-ноябрь, Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде.
Садыр Жапаров. 1-ноябрь, Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-ноябрда сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

“Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Улуу Британияга келди.

Дүйшөмбүдөгү саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн британ премьери Борис Жонсон дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн убакыт аз калганын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган СOP26 деп аталган эл аралык конференциясынын расмий ачылышы жекшемби күнү болгон. Дүйнө лидерлеринин жыйыны 12-ноябрга чейин созула турган конференциянын алкагындагы эң ири иш-чара болуп саналат.

Глазгодогу саммиттин алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүк стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG