Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

"Кыйноолорго каршы коалиция" БУУга өзүнчө баяндама даярдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Кыргызстан кол койгон Конвенцияга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кыйноо жана башка кысым көрсөткөн мамилеге каршы иштер боюнча баяндама жасайт. Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму кыйноого байланышкан өлкөдөгү абал жөнүндө альтернативдүү баяндама даярдады. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Ал баяндамада өлкөдөгү кыйноого каршы аракеттердин натыйжасы жана кемчиликтери белгиленген. Көйгөйлөрдүн бири катары кыйноого кабылганы аныкталган жарандарга төлөөнүүчү кенемтенин суммасынын төмөндүгү жана пандемия учурундагы укук коргоочулар кабылган тоскоолдуктар жазылган. Толук текстти бул жактан окуңуз.

2011-жылы негизделген "Кыйноолорго каршы коалиция" уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборго 100дөй арыз түшкөн.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG