Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Элчилик: Орусиядагы кош бойлуу келин мекенине кайтарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактардагы “кош бойлуу кыргызстандык келин көчөдө калды” деген кабар жөнүндө маалымат таратты. Анда видеодогу келин аныкталып, жакын арада Кыргызстанга кайтарылаары айтылат.

Элчиликтин маалыматына ылайык, видео социалдык тармактарга тарагандан кийин кыздын жакындары издеп тапкан. Туугандары анын бардык документтери жайында болгондуктан жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөөрүн билдиришкен. Элчиликтин маалыматына ылайык, келиндин беш айлык боюнда бар.

Буга чейин социалдык тармактарда Москвада үй-жайы жок адамдарга уюштурулган ысык тамак учурунда тартылган видео жарыяланып, анда келин боюнда бар экенин, күйөөсү кубалап чыкканын жана документтери жок экенин айтып берген.

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын расмий эсеби 600 миңден ашуун экени айтылып келет, бирок бейрасмий эсепте бир миллиондон ашык мигрант Орусияда эмгектенет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG