Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Абактагы Молдокматовго басым болгонбу?


Жеңиш Молдокматов жана Эрлан Бекчоро уулу кароол менен.
Жеңиш Молдокматов жана Эрлан Бекчоро уулу кароол менен.

Октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары ага №1 тергөө абагында басым болуп жатканын билдирип чыгышты. Жаза аткаруу кызматы, укук коргоо органдары жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Молдокматовдон абакта басым болуп жатканы тууралуу эч кандай арыздануу болбогонун билдирди.

Жети айдан бери октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташы, “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу анонимдүү булактар ал отурган камера атайын кызмат тарабынан бат-бат тинтүүгө алынып, психологиялык басым болуп жатканын кабарлаганын айтат.

“Буга чейинки сот отурумунда Молдокматов эмнеге камакта отурганын, кимдин көрсөтмөсү менен абакта отурганын айтып берген. "Оппозициялык күчтөр бириккиле, саясий куугунтукту токтоткула" деген билдирүүлөрдү жасаган. 2-ноябрда дагы ачык сот иши уланмак. Бул бийликке жаккан жок. УКМК кызматкерлери Молдокматов жаткан камераны тинтип, тынчын алып, эртең сүйлөтпөөгө аракет кылууда”.

Молдокматовдун тарапташтары бул боюнча абакка кирип, кабар алып берүүсүн өтүнүп, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рыспаев кызматкерлери абакка кирип чыкканын, Молдокматовдон кыйноо, кармоо шарттары тууралуу арыздануу болбогонун билдирди.

“Биздин кызматкерлер кирип чыгышты. Биздин мандат кыйноо, ырайымсыз мамиле, кармоо шарттары боюнча. Биздин мандат боюнча арыз-даттануу болгон жок”.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) дагы Молдокматовдун тарапташтарынын билдирүүсүн четке какты. Саясатчы атайын кызматтын тергөө абагында эмес экенин, кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергегенин айткан УКМК "тарапташтарынын билдирүүсүн атайылап көңүл бурдуруу аракети катары" баалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева Молдокматовдун тарапташтарынын билдирүүсү тууралуу буларды айтты:

“Жаза аткаруу кызматынын дээрлик бардык мекемелеринде онлайн режиминде видео-көзөмөл болуп турат. №1 тергөө абагында отурган Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатат деген анонимдүү булактардын билдиргени чындыкка дал келбейт. Андай факты катталган жок. Экинчиден, Жеңиш Молдокматовдон арыз түшкөн жок”.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот процесси өткөн айда башталган. Кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Буга чейин баштапкы соттук угуу жабык эшик артында өтүп, 2-ноябрга белгиленген сот ачык өтөрү кабарланган.

18-октябрдагы жабык сот процессинде Жеңиш Молдокматов тарапташтары аркылуу видео кайрылуу жасаганга үлгүргөн. Анда жети айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин жардамчысынын көрсөтмөсү менен абакта отурганын айтканын угууга болот.

“Биздин иш боюнча бир дагы далил жок. Болгону Үмүтбектин өлүмүнө жооптуу Опумбаевдин кеңешчисинин бир көрсөтмөсү бар. Мен жети айдан бери түрмөдө жөн эле отурам. Мен кечирим сурабайм, эч кимге ийлилип бербейм, акыйкаттык, эл-жер үчүн отура берем. Бирок тарых таразалайт. Акырында ким түрмөгө алып келсе, өздөрү отурат. Бийликти басып алды деген күнөө коюп жатат, мындай күнөө менен бүгүнкү бийлик өзү мыйзамсыз болуп эсептелет”.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал камалардан эки күн мурун Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалга Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы (УКМК) Камчыбек Ташиевди айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылган.

Ага чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, Өзгөнгө барган.

Молдокматов октябрь окуяларынан кийин Конституциялык реформага дагы каршы чыккан. Ал “Ханституцияга каршы” кыймылын жетектеп, президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаровго каршы добуш берүүгө үндөгөн.

Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө, казино ачууга каршы болгон.

Баш прокурор Курманкул Зулушев оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго карата козголгон иштин жүйөсү бар экенин 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айткан.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп билдирди.

“Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса, ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ушул жылдын 6-майында камакка алынган. Ички иштер министрлиги саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылганын билдирген. Кийин бул берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлуп, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Ачкачылык кармап токтоткон Молдокматов ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган.

Учурда "Октябрь окуясы", "Кой-Таш окуясы", "Кумтөр иши" сыяктуу кылмыш иштери менен Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Асылбек Жээнбеков, Темир Сариев, Төрөбай Зулпукаров, Данияр Нарымбаев жана башка саясатчылар менен аткаминерлер камакта.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG