Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Баш прокурор: Асановго жана Молдокматовго козголгон иштердин жүйөсү бар


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго карата козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирди. 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин алар каршы ой айтканы үчүн камалганы, толук маалымат берилбей жатканы тууралуу суроосуна жооп берген баш прокурор Курманкул Зулушев төмөнкүлөрдү айтты:

“Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов боюнча “бир сөз үчүн эле камап, коомчулукка жарыяланбай жатат” дедиңиз. Тергөөнүн маалыматы толук жарыяланбайт. Биз мыйзамды сакташыбыз керек. Эгер жөндөн жөн камап жатышкан болсо камагандар эртең жооп берет. Себеби бирөөнү факт жок болсо камаш кыйын нерсе. Мунун баарынын жүйөсү бар. Ар бир ишти биз окуп, карап жатабыз. Сырттан турганга ошондой сезилиши мүмкүн”.

Министрдин мурдагы орун басары Асановго жакында Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде айып коюлуп, ал Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына камалды. Ага чейин Асановго карата төрт иш козголгон, алардын үчөө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.

“Туран” партиясынын лидери, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов камалышын саясий куугунтук катары баалаган. 2021-жылдын май айында кармалган, азыр камакта отурган саясатчы былтыркы октябрь окуяларына байланыштуу бир нече берененин негизинде айыпталууда. Учурда ден соолугуна байланыштуу ал “Бикард” клиникасында дарыланып жатат.

Асановдун да, Молдокматовдун да жактоочулары алар негизсиз камалып турганын айтып жатышат.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна президент саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG