Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Молдокматовдун жакындары Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылды


"Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов.
"Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов.

Саясатчы Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анын жардамчысы жана "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты ага абактан анонимдүү булактар маалымдашкан.

"Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анонимдүү булак катары ошол жактагы кызматкерлер кабарлашты. Бул боюнча абакка кирип, кабар алып берүүсүн Кыйноолорду алдын алуу борборунан жана Акыйкатчы институтунан өтүндүк", - деди Бекчоро уулу.

"Туран" партиясынын лидери ушул жылдын 6-майында камакка алынган. Ички иштер министрлиги саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылганын билдирген. Кийин бул берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлуп, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган.

Молдокматов "Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. Баш прокурор Курманкул Зулушев оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго карата козголгон иштин жүйөсү бар экенин 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG