Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Ооганстан: музыка жаңырган тойдогу ок атуудан кеминде эки киши каза тапты


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын чыгышында өздөрүн талибдер деп тааныштырган куралчан топ үйлөнүү үлпөтүнүн конокторуна ок чыгарып, кеминде эки кишини өлтүрүп, он адамды жарадар кылды. Окуяга тойдо жаңырган музыка себеп болгону айтылды.

Күбөлөрдүн бири "Би-Би-Си" кызматына Нангархар провинциясында төрт түгөй биргелешкен үйлөнүү үлпөт той уюштурганын билдирди.

Маалыматка караганда, той ээлери жергиликтүү талибдердин лидерлеринен майрам учурунда музыка колдонууга уруксат сурашкан. Музыка аялдар отурган жакта гана жаңырышы керек деген талап коюлган.

Кечке жуук куралчан адамдар тойго кирип, музыкалык жабдыктарды сындырууга аракет кылышкан. Тойдун катышуучулары аларга каршылык көргөзгөндө ок чыгарышкан.

"Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкүлү окуядан кийин кол салган үч адамдын экөө камакка алынганын маалымдады.

Талибдер өкмөтүнүн расмий катчысы Забиулла Мужахид "Твиттердеги" баракчасына кол салгандар кыймылдын атынан барганын, бирок чатак алардын жеке иштерине байланыштуу чыкканын жазды.

Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарган мурдагы "Талибан" режими музыкага расмий түрдө тыюу салган. Августта Кабулдагы бийликти басып алган уюмдун азыркы жетекчилиги бул багытта буйрук жарыялай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG