Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:15

Доордун барагын жапкан Байжиев келбес жайга узады


Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу учуру.

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев 86 жаш курагында акка моюн сунду. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 31-октябрда Бишкекте, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Адабиятчылар Байжиев менен бирге улут адабиятынын өзүнчө бир доору, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн чабытын кеңейткен, аны дүйнөгө тааныткан залкарлардын акыркысы бул жалганды таштап кеткенин айтышууда.

Мар Байжиев өзү кырдуу калемдаштарынан айырмаланып, кош тилдүү сүрөткер болгон. Анын драмалары Америка, Орусия, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Финландия ж.б. өлкөлөрдүн сахналарында коюлуп, сценарийинин негизинде тартылган кинолору учурунда бийик баага татыган.

Маркумдун чыгармачыл, коомдук-саясий ишмердигиндеги өзгөчөлүгү Бишкекте өткөн акыркы сапарга узатуу зыйнатында дагы бир жолу айтылды.

Замандаштары Байжиевдин бийик деңгээлин анын эки тилде бирдей жаза алганын, социализм доорунда жергиликтүү партиялык идеологдордун басым-кысымына баш бербеген кашкөйлүгүн белгилеп жатышты.

Маселен, драматург, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов Мар Байжиевди коомдогу курч маселелерди көтөргөнгө кудурети жеткен жазуучу катары сыпаттады:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

“Менин жеке пикиримде, биз аны диссиденттик маанайга кудурети жеткен драматург катары таанышыбыз керек. Ошон үчүн ал кыргыз жазуучуларынын ичинен Айтматовдон кийин эле кыргыз драматургиясын дүйнөгө тааныта алды. Анын адабий, сүрөткерлик тили мыкты, ошондой эле образдарды түзүү жагынан, конфликтти куруу жагынан бизге үлгү болорлук көп нерселерди калтырып кетти. Ал эми Байжиевдин чыгармачылыгындагы кемчилиги - анда социализмдин же болбосо тоталитаризмдин гуманисттик принциптери бар экенине ишенүү кыялы сакталып калды. Муну ошол системадан тарбия алган адам болгондугунан улам деп түшүнөм. Бирок ошол эле убакта ал коммунисттик тоталитардык системадан жабыр тарткан адам катары белгилүү, анткени анын атасын да жогорудагы система жок кылды”.

Коштошуу зыйнатына катышкандар бир ооздон Байжиевдин төгөрөгү төп келген драматург, бийик интеллектуал болгонун белгилешти.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси, драматург Кайрат Иманалиев устаты Мар Байжиевди кыргыз драматургиясына жаңылык киргизген новатор деп атады.

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

“Ой жүгүртүүсү терең, чабыты кенен эле. Башкалар жаза элек тема таап, башкалар айта элек ойду айтты. Ал прозанын, драматургиянын акыны эле. Байжиевдин баркын чет жерге барганда билээр элек. Москва мамлекеттик университетине барганыбызда, орустун мен деген окумуштуулары Мар Байжиевди советтик драматургиянын классиги деп баалашканда төбөм көккө жеткен. Коңшу Казакстанда, Өзбекстанда болгонубузда, театр ишмерлери Байжиевди көргөнүнө кубанып, ал менен сыймыктанып, мактанаар эле. "Төрт адам", "Кыз күйөө", "Тил табышкандар", "Ар бир үйдө майрам", "Узак сапардагы поезд", "Алтынчы күнү кечинде", "Байыркы жомок" драмалары менен калыптанганын айтышчу. Мар ага кыргыз театр жана кино искусствосунун багына жаралды. Анын драмаларына кайрылбаган театр жок эле. Анын сценарийи боюнча тартылган "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз", "Нокдаун" ж. б. көркөм тасмалары кыргыз кереметине айланды”.

Мар Байжиев кыргыз улуттук адабиятындагы драма жанрын өзгөчө бийиктикке көтөрүп эле тим болбостон, салттуу драматургиянын канондорун, буга чейинки жазылган чыгармалардын жаңы нугун жарата алган калемгер болгон.

Ал өзгөчө нравалык маселелерди чыгармаларында көтөрүп, адамдын ички жан дүйнөсүнө терең үңүлүп, ар бир каарманды кеңири диапазондо ача алган.

Мар Байжиев таптаган шакирттердин бири, драматург, эл жазуучусу Султан Раев устатынын адабий тили сатиралык, юморго бай болгондугун, ал буга чейинки кыргыз драматургдарынан айырмаланып чыгармачыл жолдо өзүнүн нугун, стилин таба алгандыгын айтты:

Султан Раев.
Султан Раев.

"Мар агабыз менен кошо кыргыз маданиятынын бир доору, мезгили, бийиктиги арабыздан бул адам жашоосунун акыркы бекетине бараткан узак сапардагы акыркы поезддей узады. Улут театр өнөрүнүн профессионалдык бийиктиги анын ысымы менен байланыштуу. Байжиевдин драмалары улут адабиятына тереңдик менен татаал психологияны, турмуш философиясын, коллизиясын жаратты. Өзгөчө каармандары менен, ой дүйнөсү менен сахнага чыкты. Ал адамдык ыйман менен моралдын, жашоо адеп-ахлагынын руханий реформасын алып келди. Мар агайдын ички дүйнөсү, ички трагедиясы чындыктын үнүн издеди, атасы Ташым чындык үчүн чагылган огундай кандай жанып өтсө, ал да ошол чындыкты өзү үчүн, биз үчүн, жалпы адамдар үчүн издеп өттү. Бул чындык анын жашоо формуласына айланды. Ал түпкүрүндө терең трагедиялуу адам эле. Качандыр бир убакта, мезгилдин бир мезгилинде жоготкон акыйкаттай, ошол акыйкаттын учу үзүлбөгөн жолдо жарыктын үлпүлдөгөн илебин издеди. Мар Байжиев - өзүнчө дүйнө, бирок ошол дүйнөнүн сыры бойдон бизге жандырмагы жанып-жанбай, өз соболу менен улуулардын мухит дүйнөсүнө кетти”.

Султан Раев Байжиевдин “Төрт адам” драмасында бүгүнкү замандын, учурдун адамынын руханий дүйнөсүн, байлык менен сүйүүнүн ортосундагы конфликттерди терең ачыктап бергенин кошумчалады.

Мар Байжиевдин атасы Ташым Байжиев кыргыз профессионал адабиятын баштоочулардан болгону, кыргыз эл оозеки адабиятын мыкты билген илимпоз, таанымал жазуучу экени элдин көпчүлүгүнө маалым. Ташым Байжиев да кыйла өмүрүн кыргыз эл оозеки чыгармаларын жайылтууга, бөтөнчө, “Манас” дастанын жыйноого, иликтөөгө жана жайылтуу аракетине жумшаган.

Ташым Байжиев согуштан кайтып келгенден кийин сталиндик репрессиянын кезектеги толкунуна туш келип, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчиндер менен катар 1950-жылы он жылга соттолуп кеткен. Бирок ал Караганды лагеринде 1952-жылы каза болуп калган. Арадан үч жыл убакыт өткөндөн кийин толук акталган.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин “Ата-Бейитте” жашырылган 137 репрессиянын курмандыгынын сөөгү табылды. Карагандыда каза болгон атасы тууралуу эскерүү китепти Мар Байжиев өзү жазды, жалгыз ал эмес, аны менен калемдеш, муундаш кыргыз интеллигенциясынын башына түшкөн мүшкүлдү табылган документтердин негизинде ачыктап бере алды.

Атанын жолун жолдогон Мар Байжиев да кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу “Манасты” өзүнчө китеп кылып чыгарып, орус тилине которуу ишине да активдүү катышты.

Мар Байжиевдин 1961-жылы “Кара курт” деген чакан китеби жарык көргөн. Ушундан кийин анын драматургиядагы арышы кеңейип, 1965-жылы “Балдар бойго жеткенде” пьесасы театр сахнасына коюлган. 1967-жылы атагы алыс тараган айтылуу “Төрт адам” (“Дуэл” - 1967) жарыкка чыкты. Адабиятчылар көркөм өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн жараткан жаңычыл автор Мар Байжиевдин триумфу ушул чыгармадан башталганын айтып келишет. Ал эми 1970-жылдары анын “Кыз-күйөө”, “Ар бир үйдө майрам”, “Эркектердин намысы”, кийинчерээк “Алтынчы күнү кечинде”, “Узак сапардагы поезд” драмалары жарыялады. Айтылуу “Кожожаш” эпосунун негизинде “Байыркы жомок” драмасы жаралды.

Замандаштары Мар Байжиевдин драмалык чыгармаларында көтөрүлгөн проблемалар ушу азыр да актуалдуулугун жогото элек деген пикирин айтышат.

Жаш чагынан Мар Байжиевдин чыгармачылыгы менен тааныш болгон белгилүү актёр Чоро Думанаев театрга келгенден бери анын камкордугун көрүп келгенин эскерди. Ал маркумдун эмгеги көзү тирүүсүндө бааланбай калды деп кейип турат.

Чоро Думанаев.
Чоро Думанаев.

“Кең пейил, жакшы адам эле. Бирок башка замандаштарындай бааланбай калганы өкүнүчтүү. Мисалы, Бексултан Жакиев Эл Баатыры наамын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты да алды. Байжиевдин эмгеги зор сыйлыктарга татыктуу болчу. Ал учурунда Маданият министрлигинде иштеди, “Кыргызфильмде” башкы редактор болуп жүрдү, “легендарлуу парламентте” да депутат болду. Бирок өзү эч качан жулунган жок. Эмгегимди эл билсин деди көрүнөт. Кадырын кимдер билбей, сыйлыктарды бербей коюшту, бизге белгисиз. Бирок ушундай татыктуу адамдар албай кетип жатса өкүнүп калат экенсиң”.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Мар Байжиевди быйыл Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамына көрсөтүшкөнүн айтат. Белгисиз себептерден улам ага бул жогорку наам берилген эмес.

Нурлан Калыбеков.
Нурлан Калыбеков.

“Залкар кишилердин бул өмүрдөн өтүшү менен маданияттуулук менен интеллигенттүүлүктү кошо жоготуп бараткандайбыз. Биз Мар агабызды жогорудагы сыйлыкка көрсөткөнбүз. Угушумча, бизден башка кино тармагында эмгектенип жүргөн адамдар да сунуш кылышкан экен. Эми бул сыйлык Байжиевге буйрубаптыр. Өкүнүчтүүсү, биз азыр чыгармачылык инсандарга сыйлык, наам берүүгө көнүп калыптырбыз. Сөзсүз эле аттуу-баштуулардын колу коюлган сыйлыктарды, мамлекеттик сыйлыктарды бийик көрүп калгандайбыз. Бул союздан эле калып калган адаттар деп ойлойм. А негизгиси, чыгармачыл инсан өз өмүрүндө көксөгөн эмгегин жасап, жигердүү иштеп, жакшы чыгармаларды жаратып кетсе мындан өткөн улуу нерсе барбы?”.

Белгилүү акын, драматург Бактыгүл Чотурова Мар Байжиев чыгармачылык жактан гана устат болбостон, адамдык сапаттарды да үйрөтө алган, мырзалык сапаты бар талант болгонун эскерди:

Бактыгүл Чотурова.
Бактыгүл Чотурова.

"Жазуучу, публицист, журналист, режиссёр катары дагы кыргыз искусствосуна зор эмгек сиңирген устат экени өзүнчө кеп болоор... Аны азыр ансыз да көптөгөн замандаштары белгилеп жатышат. Ал Советтер союзунун тушунда көрүнүктүү драматург катары ошол кездеги белгилүү драматургдар менен тең ата болуп, чыгармалары да сахна бетинен түшпөй келген. Мен анын адамдык сапаттарын өзгөчө белгилегим келет. Жолуккан сайын колуңду кармап, чекесине тийгизип садагалап, кагылып турчу эле. Бул деген мырзалык да. Анын сүйлөө маданияты да жогору эле. Айла жок, улуу устаттардын биринен айрылып отурабыз. Үй-бүлөсүнө бекем кайрат тилейм. "Жакшынын жарыгы өчпөйт" деген кыргызда жакшы кеп бар. Агайдын жарыгы, чыгармачылыгы экинчи өмүрү катары артында ар бир келген муун менен кошо жашай берет деп ишенем”.

Мар Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер тартылган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдердин автору. Тасмалардын айрымдары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. М.Байжиев К.Жантөшевдин, Т.Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон.

Байжиевдин чыгармалары КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

Адабиятчы Рысбек Эшматов Мар Байжиевдин кинодраматургиясындагы эмгеги өзүнчө белгиленчү сөз болсо, чыгармачылыгындагы сүрөткерлик табылгалары да мактоого арзырлык экенин белгилейт:

“Анын сүрөткерлик жеке табылгалары улуттук уңгулуу салттар менен бирге дүйнөлүк маданият табылгаларынын шайкеш айкалыштарынан жаралган. Башкача айтканда, испан элинин акыны Федерико Лорка “Башка жактын ыраактагы обону, ыраактагы шамалы сыяктуу угулуп турат” дегендей, ошол сырткы таасирлер дагы Мар Байжиевдин чыгармаларынан кадимкидей баамдалып, өзүн таанытып турат. Анын чыгармаларынан модернисттик табылгалары менен кошо улуттук салттын негизинде жаралган табылгалардын синтезин байкай алабыз. Демек, Байжиевдин жазгандарына үңүлсөк, кадимкидей талбай изденүүнү, ошону менен катар ал улуттук каада-салттар менен өсүп-жетилгендигин баамдасак болот”.

«Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кинорежиссёру, адабиятчы Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган.

Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазган сынчы, котормочу катары да таанылган.

Мар Байжиев.
Мар Байжиев.

Маркум «Седеп» фондунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, Кино академиясынын президенти болгон. Драматургдун балалыгы, жаштык кези, чыгармачылык тагдыры да татаал, карама-каршылыктуу болуп, балалыгы Экинчи дүйнөоүк согуштун оор жылдарына туш келген.

Драматург 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG