Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды


Мар Байжиев.
Мар Байжиев.

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун "Азаттык" радиосуна маркумдун жакындары кабарлады.

“Манас” орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын балалыгы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында өткөн.

Мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлук жогорку курсун аяктап, Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында эмгектенген. Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

1961-жылы “Кара курт” аңгемелер жыйнагы жарыкка чыккандан кийин бир топ жыл драма жанрында эмгектенди. “Төрт адам”, “Ар бир үйдө майрам”, дагы башка ондогон драмаларын жаратты.

1960-жылдардын аягында “Чыйыр” аттуу жыйнагын жарыялады. Андан кийин “Менин алтын балыгым” баштаган башка китептери чыкты. Жазуучу өзүнүн башынан өткөргөн кыйын кезеңдерди жазды.

Анын атасы Ташым Байжиев (1909–1952) сталиндик жазалоонун кандуу чеңгээлине 1950-жылы туш келип, Карагандыдагы абакта набыт болгон. Ага “Манас” эпосуна кошулуп калган пантүркчүл, панисламдык катмарды алып салбай, элге зыяндуу китепти сунуштаган деген айып коюшкан.

Мар Байжиевдин классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлган. Сценарийлери боюнча тартылган фильмдери кыргыз кино өнөрүнүн кайталангыс өрнөгү болуп калды. Мар Байжиевдин чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, ал мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин бири болгон.

"Алгачкы чыгармаларымы кыргызча жаздым. "Кара куртту" кыргызча эле жазгам. Биринчи пьесамды 3-курста окуп жүргөндө жаздым, "Тил табышканданы" азыр да коюп жүрүшөт. Кыргызча эле жазгамын. Ал эми "Төрт адамды" ("Дуэль") орусча жаздым",-деген эле жазуучу 2017-жылы "Азаттыкка" курган маегинде.

Байжиевдин сценарийи боюнча “Кыргызфильм” киностудиясында “Ак илбирстин тукумдары”, “Алтын күз”, “Өзбекфильм” студиясында “Бөтөн бакыт”, “Нөшөр”, “Казактелефильмде” “Жаңы жыл алдындагы түн” аттуу толук метраждуу көркөм тасмалар тартылган. Ал бир нече кыска метраждуу жана документалдуу фильмдердин сценарийинин автору. Фильмдердин айрымдары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Байжиев Касымалы Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон. “Манас” эпосун орус тилине которуп, даярдоого катышкан.

Байжиевдин чыгармалары чет тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. 2019-жылы ага КМШ өлкөлөрүнүн “Шериктештик жылдызы” сыйлыгы берилген эле.

Интеллигенциянын аянычтуу “өлүмү” сахнада
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG