Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Кош тилдүү залкардын көркөм мурасы


Мар Байжиев

Мар Байжиев менен улут адабиятынын өзүнчө бир доору, Чыңгыз Айтматовго удаалаш чыгып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн чабытын кеңейткен, жаамы дүйнөгө тааныткан залкарлардын соңкусу бул жалганды таштап кетти.

Анын өмүр баяны ары татаал, оор, кайгылуу болду. Ошол эле кезде ал жалпы журтка таанылуу, көркөм өнөрдүн арты менен бийик атак-даңкка, опсуз сый-ургалдарга да жетишти. Драмалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө коюлуп, сценарийинин негизинде тартылган кинолору мактоого арзып, таланты татыктуу бааланды.

Баарынан мыктысы, Мар Байжиев өзү кырдуу каламдаштарынан айырмаланып, кош тилдүү сүрөткер эле. Бул анын чыгармаларынын эки тилде жаралышына, окурмандар географиясынын көбөйүшүнө алып келген, анан да социализм заманында жергиликтүү партиялык идеологдордун басым-кысымына баш бербей чыгармаларын чоң борбордон чыгаруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген.

Мар Байжиев жалпы союздук саналуу классиктердин катарына эрте кошулган, пьесалары дүйнөнүн көптөгөн театрларында коюлган, кара сөз чыгармалары мактоого арзыган. Ал мындай атакка, бийик деңгээлге табигый шык-жөндөмү, орошон таланты, анан да тыным билбес мээнеткечтиги аркылуу жетишкен.

Бала кезинен “эл душманынын” баласы, советтик “жат элемент” катары ачык-тымызын басым-кысымдарга кабылган. Анын баарына баш бербей, чыгармачылык дараметине, сүрөткерлик потенциалына ишенген, өзү жашаган доордун трагедиясы менен драмасын кемелине келтирип ачып берген.

Ал атасы Ташым, чоң атасы Бай ажы тууралуу кызыктуу кеп кылчу. Айтымда чоң атасы Көл кылаасындагы белгилүү адамдардын бири болсо, атасы кыргыз профессионал адабиятынын баштоочуларынан болгону, кыргыз эл оозеки адабиятын мыкты билген илимпоз, таанымал жазуучу экени элдин баарына дайын. Ташым Байжиев кыйла өмүрүн кыргыз эл оозеки чыгармаларын, айрыкча “Манас” дастанын жыйноо, иликтөө, жайылтуу аракетине жумшаган. Айтса, Мар ага да бала кезинде “Манас” айтып, кийин эр жеткенде опералык ырчы болгусу келген. Бирок жакындарынан кеп-кеңеши менен атасынын жолун улаган. Ташым Байжиев жасаганга жетише албагандын баарын баласы ашыгы менен аткарды десек болот.

Негизи эле алгачкы муун интеллигенциясы көркөм чыгарма жаратуу, элдик өнөр казынасын жайылтуу жагынан опол тоодой эмгек кылышкан. Мар Байжиев бала кезинен кызык чыгармачылык чөйрөгө туш келген. Ушу тапта аты аңызга айланган залкарлардын көбүн көрүп, өнөрүн угуп калган. Кыска убакытка созулган кыргыз эл оозеки адабияты менен маданиятын мыскалдап чогултуу, жарыялоо иши 1930-жылдардан тарта идеологиялык басым-кысымга кабылган.

"Байдын баласы" деген кысымдан оолагыраак туруу максатында Ташым Байжиев баш калаага көп айланчыктабай, Кыргызстандын түштүгүндө мектеп ачуу, агартуучулук иштерине кыйла жылын сарптаган. Мар Байжиевдин 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абадда төрөлүп калышынын кыскача чоо-жайы ушундай. Бул кезде атасы педтехникумда окуу бөлүм башчысы болуп иштеп аткан.

Кийинчерээк Ташым Байжиев Фрунзедеги педагогикалык институтту бүтүрүп, илим-изилдөө ишин улантып, согуш башталган кезде Пржевальскиде эмгектенип жаткан.

1942-жылы аскерге чакырылып, кан майданган аттанган. Үй-бүлөсү айылдагы туугандарына барып, оор кезеңди Көл кылаасында өткөрүшкөн. Мар Байжиевдин өмүр баянындагы дагы бир барак - элет турмушу жомоктогудай кооз Жыргалаңда башталган. Согуш кезиндеги оор жагдай, өлбөстүн күнүн көрүп, талаада калган машакты терип койгону үчүн ууру аталып, абакка кесилип, алыска айдалгандардын арман-муңун ал айылдан, колхоздон көргөн. Кийин аларды прозалык, драмалык чыгармаларында көп пайдаланган.

Атасы согуштан кайтып келгенден кийинки шаар турмушу сталиндик репрессиянын кезектеги толкунуна туш келип “буржуазиялык улутчул” Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин 1950-жылы он жылга соттолуп кеткен. Эң эле оор, азаптуу турмуш, апасы оору, өзү “эл душманынын” баласы, кечээ эле үйүнө келип, тааныш-катыш болуп жүргөндөрдүн көбү оолактап, күнү келгенде сындырым нан табуу кыйын кездер башталган. Баарынан өкүнүчтүүсү, Ташым Байжиев Караганды лагерине түшкөндөн эки жылдан кийин каза болуп калган. Сталин өлгөндөн кийин бейкүнөө жок кылынгандардын көбү акталган. Бирок бул иш жүрө-жүрө унутка чыгарылып, бейкүнөө жок кылынгандардын артында калган чыгармалары жарыяланбай, репрессия курмандыктары тууралуу дегеле кеп болбой калган.

Чыркыраган чындык Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин гана ачылды, “Ата-Бейитте” жашырылган 137 кайрандын сөөгү табылып, большевиктик бийликтин канабайрамы ачык айтыла баштады. Карагандыда каза болгон кайран атасы тууралуу эскерүү китепти Мар Байжиев өзү жазды, жалгыз ал эмес аны менен каламдаш, муундаш кыргыз интеллигенциясынын башына түшкөн мүшкүлдү табылган документтердин негизинде ачып берди. Ага улай Мар ага кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу “Манасты” өзүнчө китеп кылып чыгарды, орус тилине которуу ишине катышты. Кийинки жылдары ал мына ушул улуу ишке убакты-саатынын кыйласын сарптап, эли үчүн опол тоодой эмгек жасады.

Өткөн кылымдын 60-жылдары совет заманындагы өзүнчө бир ренессанс, кайра жаралуу доору башталган. Бул кезде баш көтөргөндү баса калып “эл душманы” каргысын илип, атып-асып же абакка отургузуу токтолуп, көркөм чыгармачылыкка дурус дегидей эркиндик берилип, коммунисттик цензуранын жаалы бир аз кайткан. Ошол кезде кыргыз совет адабиятына өзүнчө бир муун кошулган. Мар Байжиевдин жазуучулук жылдызы 60-жылдардын асманында жанып чыккан, 1961-жылы “Кара курт” деген чакан китеби жарык көргөн. Андан кийин анын драмалык таланты ачылып, 1965-жылы “Балдар бойго жеткенде” пьесасы театр сахнасына коюлган.

Жаңы муундун турмушка аралашуусу, дүнүйөкордук менен сараңдыкка каршы жаш адамдын күрөшүн чагылдырган чыгармага улай айтылуу “Төрт адам” (“Дуэл” - 1967-жыл) жарыкка чыкты. Кыргыз драмасынын эл аралык аренага таанылышы, көркөм өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн жараткан жаңычыл автор Мар Байжиевдин триумфу ушул чыгармадан башталды, автору жалаң кыргыз эмес, жаамы союздук таланттуу сүрөткерлер катарына кошулду. Ушундан кийин анын классикалык драмалары жаралды.

“Төрт адам” социалисттик өлкөлөрдүн дээрлик баарында, батыш өлкөлөрүндө, Англиянын айтылуу театрынын сахнасында коюлган. Драмада конфликт карөзгөйлүк менен боорукердиктин, өзүмчүлдүк менен гумандуулуктун ортосундагы тирешке негизделген. Сюжеттик негиз катары ядролук ууланууга туш келген аймакка бара жаткан кемени коопсуз жолго буруу үчүн эрдикке тете иш кылган жаш адамдын аракети алынган. Азиз ичи шыкалган жүргүнчүлөр кемесин сактап калганы үчүн кырчын өмүрүн курмандыкка чалган жигит. Аскердик катери менен ууланган жерди сүзүп өтүп, жайбаракат келаткан жүргүнчүлөр кемесин башка жолго салган, бирок өзү айыккыс ооруга кабылган. Азиз жасаган ишин эрдик деп эсептебейт. Анысын көл жээгинде ээн-жайкын эс алып жүргөн Назиге да айтат. Нази жаңы тааныш Азиз менен жанында жүргөн Искендерди салыштырып, экөөнүн ортосундагы асман-жердей айырманы көрүп, Азиздин бийик адамгерчилигине ыраазы болуп, аны сүйүп калат. Жеке кызыкчылыгынан ары көтөрүлө албаган бечара Искендерди адам деп жүргөнүнө уялат. Жазуучу коомдук турмуштагы чиеш маселени – карөзгөйлүк менен боорукердиктин бүтпөгөн күрөшүн, адам деген бийик атты алып жүрүү кандай оор экенин көрүүчүнүн акыл таразасына коёт.

“Төрт адам” (“Эрөөл”) кийин өзүнчө көркөм тасма болуп чыкты, жаңычыл чыгарма кино өнөрүнө көчтү, анан эки операга сюжеттик негиз болууга жарады. Мар Байжиевдин каармандары өзүмчүлдүккө, дүйнөпараздыкка катуу каршы турушат, тирүүлүктүн жыргалы адамгерчилик, пенде баласынын бири-бирине жөлөк болушу маанилүү экенин ырасташат. Анын кыргыз драматургиясына келиши көркөм чыгармада психологизм маанилүү экенин, чубалжыган окуя, куру патетиканын ордун ички драма ээлеп, өнөр секисинде чыныгы адам турмушу, күрөш-тирешке жык толгон конфликт башкы планга чыкты.

1970-жылдары Мар Байжиевдин “Кыз-күйөө”, “Ар бир үйдө майрам”, “Эркектердин намысы”, кийинчерээк “Алтынчы күнү кечинде”, “Узак сапардагы поезд” драмалары жарыялады. Айтылуу “Кожожаш” эпосунун негизинде “Байыркы жомок” драмасы жаралды.

Сүрөткердин “Кыз-күйөө” драмасында өзүмчүлдүктүн сазына батып калган күйөөгө келише албаган Гүлсүн кыздын каршылыгы сюжеттин негизин түзсө, ушуга жакын идея “Ар бир үйдө майрамда” кыйла тереңдетилген. Гүлсүн Эркин менен таза сезимин сактап бактылуу өмүр сүргүсү келет. Бир кездери жактырып тийген күйөөсү жеткен пас, өзүмчүл, анан да өлчөөсүз дүйнөкор экенин көргөндөн кийин мындан аркы жашоосу мүмкүн эместигин сезип, ажырашууну туура көрөт. Бары-жогу келишкен мыкты күйөө, үй толо жыйылган буюм-тайым, идиш-аяктар аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы келишпестикти жөндөп, турмушун ыраатка сала албайт экен.

Ал эми “Ар бир үйдө майрам” драмасында майда максат-мүдөөдөн чыга албаган бечара адамдын трагедиясы сүрөттөлөт. Азат Султанович жаңы жылдык шаан-шөкөттү шылтоо кылып, байбичесинин ооруканада майрам алдында жантаслим болгонун угуп, бирок аны үй-бүлөсүндөгүлөргө жашырып айтпай коёт. Илимий ишин коргой турган кызынын жетекчисин үйүнө чакырып сыйлап, оюн-зоок токтолбой, Жаңы жыл майрамы шаңдуу өтөт. Бирок жыйынтыгында баары ашкереленип, өзүмчүл атанын кылыгы билинип калат.

Мар Байжиевдин драмалык чыгармаларында көтөрүлгөн проблемалар азыр да актуалдуулугун жогото элек. Арада заман оошуп, эл жаңырды. Тек, кыргыз театры мурдагыдай күжүлдөп иштебей, көрүүчүлөр билет издемей жосуну жоголуп, театрлардын бары-жогу билинбей калбадыбы. Театр менен китептин ордун ушу тапта социалдык желе басып, жаңы муундун жанынан чыгарбаган эрмеги интернет айдыңы болгону качан. Мар Байжиевге өмүрүн арнаган улуу өнөрдүн жылдызы акырындан өчүп баратканы катуу тийген болуу керек. Анысын көптөгөн маектеринен, макалаларынан туюуга болот.

Пенде баласынын жаратылышка мамилеси өтөле катаалдашып кеткенин тээ алмустакта эле сүрөттөп койгон “Кожожаш” эпосун негиз кылып Мар Байжиев дүйнөнүн бир топ жерин кыдырган шедевр киного сценарий жазды, ушул эле сюжеттик өзөктү кийин пьеса кылып жарыялады. Кайберенге кол көтөрүп, сары изине түшүп, аны тукум курут кылуу адамдын өзүнө шиш таяк болуп чабыларын эскертти.

Көркөм өнөрдүн биртоп салааларында чоң из калтырган залкар сүрөткер күндөлүк турмушта черди жазган тамашанын, күлкү чакырган аскиянын чебери эле. Жакын курбусу Бексултан Жакиев экөөнүн каламдаштары тууралуу аскиясы, айрыкча таасын жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин жоруктары жөнүндөгү аңгемелери укмуш болчу. Эми анын баары жок, Качыкең болсо тиги дүйнөгө азилкеч досунан кыйла жыл мурда озунуп кетип калган.

Социализм заманында Мар ага Арашандагы жазуучулардын чыгармачыл үйүнүн өйдөрөөк жагынан дача курууга жер алып, ал жерге эки кабат үй салып койгон экен. “Анан, бу Кудай урган, бирөө жазганбы же өздөрү билишкенби, үй бүтүп-бүтпөй комиссиялар келе берип тажатып жиберишти,- деп айтты эле ыраматылык. – Аны айтсам деле макул болушпайт, муну айтсам деле макул болушпайт, уруксат эмес деп. Ал кезде көчүк айланбаган кичине үжүрө салганга гана уруксат беришчү. Айлам кетип: “Ой, мынабу экинчи кабаттан тоону көрүп турайын деп курдум. Кошунамын чатыры тосуп тоо көрүнбөй калат экен. Мен жазуучумун, мына бул тоону көрүп турбасам илхам келбейт. Ансыз жаза албай калам, же мени жаза албай калсын дейсиңерби десем, бир орус аял бар эле ошол түшүндү. “Туура, туура деп кетишти” деп, угуп отургандарды күлдүргөнү эсимде.

Өмүрүнүн соңку жылдары Мар агага аябай эле оор болду. Жашоо-турмушун бирге кечирип келген жарынан, уулунан айрылды. Кабат келген кайгыга биротоло мүңкүрөп калбай, буга чейинки жасаган иштерин жыйынтыктап повесть, аңгемелеринин көлөмдүү жыйнагын чыгарды, “Манасты” изилдөө, орус тилине которуу иштерин жасады, карылык эмгекке көнгөн залкарга тоскоол боло албасын иш жүзүндө далилдеп кетти. Кыргыз оголе бийик опол тоодой болгон азаматынан ажырады, эми анын калган өмүрү артында калтырган адабий чыгармаларында улантылат. Каниет кыларыбыз ушул!

Мар Байжиевдин кыргыз тилинде жарык көргөн китептери:

Кара курт: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961.–79 б.
Чыйыр: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966.–140 б.
Адашкан адам: Мыскылдуу сахналар, тамашалар, драмалар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 208 б.
Ар бир үйдө майрам: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан., 1980. – 316 б.
Мезгил барактары: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан., 1987. – 320 б.
Узак сапардагы поезд: Пьесалар. – Б.: Адабият, 1991.–376 б.
Т.Байжиев. – Б.: Седеп фондусу, 2002.–338 б.
М.Байжиев сахнада: Пьесалар. – Б.: Седеп фондусу, 2006. – 542 б.
Аңгемелер жана повесттер. – Б.: Седеп фондусу, 2006. – 302 б.
Манас насааты: Окуу китеби. – Б.: Шам, 2005. – 168 б.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG