Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Ирандын расмий өкүлү АКШ менен Израилди кибер чабуул үчүн айыптады


Ирандагы май куюучу жайлардын бири.
Ирандагы май куюучу жайлардын бири.

Ирандын жарандык коргонуу уюмунун башчысы, өлкөнүн кибер коопсуздугун көзөмөлдөгөн Голамреза Жалили ушул аптанын ортосунда Ирандын май куюучу станцияларына жасалган кибер чабуул үчүн АКШ менен Израилди айыптады. Бирок ал техникалык иликтөө аягына чыга электигин эскертти деп жазды "Интерфакс".

Жалили мамлекеттик телеканалга берген маегинде: «Биз азырынча экспертизалык тыянак менен сүйлөй албайбыз, бирок аналитикалык көз караштан алганда, мен муну сионисттик режим, америкалыктар жана алардын агенттери жасады деп эсептейм», - деди.

Киберчабуул Ирандагы май куюучу станцияларды үзгүлтүккө учуратып, кризис жаралганын Anadolu агенттиги жазган. Маалыматка караганда, жарандарга бензин үчүн субсидия берген Ирандын мамлекеттик системасына чабуул жасалган. Көпчүлүк ирандыктар күйүүчү майга акчаны ушул системанын карталары менен төлөйт. Чабуулдан улам карталар иштебей калган.

Президент Ибрагим Раиси киберчабуулду өлкөдө “башаламандык” жаратууну көздөө деп сыпаттаган. Мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн 300 адистен турган топ иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG