Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

Бажы кызматына келген жаңы жетекчи ким?


Адилет Кубанычбеков. Коллаж.
Адилет Кубанычбеков. Коллаж.

Бийлик бажы кызматынын башчылыгына 40 жаштагы бизнесмен Адилет Кубанычбековду алып келип, ага бажы салыгын көбөйтүү жана коррупцияны азайтуу милдетин койду.

Адилет Кубанычбеков деген ким?

Министрлер кабинети Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп жаңы дайындалган Адилет Кубанычбековдун өмүр баяны жөнүндө толук маалымат берген жок. Интернетте, медиа айдыңда деле буга чейин Кубанычбеков жөнүндө кабарлар аз чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Адилет Кубанычбеков. 2018-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев жана Адилет Кубанычбеков. 2018-жыл.

2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан SilkWay деп аталган ири текстил-логистикалык борборунун курулушунун башталышында анын жетекчиси Адилет Кубанычбеков экени белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин сайтында Адилет Кубанычбеков Кубанычбекович деген ысымга байланыштуу алты ишкана катталган. Алар мунай иштетүүдөн баштап, электр энергиясы, жүк ташуу, жеңил өнөр жай жана логистика менен алектенген компаниялар. Арасында "Амин Инвест" курулуш компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулган. Адилет Кубанычбековго катталган компаниялардын көпчүлүгү 2018-жылдан кийин ачылган.

Самат Исабеков (сол жакта) жана ишкана кызматкерлери.
Самат Исабеков (сол жакта) жана ишкана кызматкерлери.

Адилет Кубанычбеков ээлик кылган SilkWay деп аталган жаңы логистикалык борбордун курулушу менен буга чейинки бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков барып таанышкан. Анда бажы кызматы бул ишкана өлкөдө эл аралык соода жүгүртүүдө эң ири логистикалык борбор болуп каларын белгилеген.

Адилет Кубанычбековдун атасы - Кубанычбек Бакиев Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан болот. (Мурунку президент Курманбек Бакиевге туугандык катышы жок, фамилиялары гана окшош). Ал 2015-жылдары башкы прокурордун орун басары болуп иштеген. Ошол эле жылы "алдамчылык" беренеси менен кармалганы белгилүү, кийин бул кылмыш иши токтотулган. Юстиция министрлигинин сайтында Адилет Кубанычбековдун атасы Кубанычбек Бакиевдин атына жана иниси Ильяс Бакиевге 2-3 компания катталган.

Кызыкчылыктар кагылышы...

Жергиликтүү сайттар бажынын жаңы башчысынын ишканаларын ийне-жибине чейин жазып чыгышты. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын 22-беренесинде мамлекеттик кызматкер жеке ишкерлик менен алектене албайт деп жазылган.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек бийликтин бул кадрдык жүрүшүн "карышкырга кой кайтартуу" деп баалады. Активист коррупциялашкан мамлекеттик органдардын сап башынан түшпөгөн бажы тармагынын жетекчилерин алмаштыруу планы жөнүндө Министрлер кабинети коомчулукка түшүндүрүшү керек деп эсептейт.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

"Ал кишинин бизнеси Кыргызстандагы жүктү тариздеген эң чоң логистикалык борбор. Эми ал жерге бажынын башчысы болуп туруп кандай мамиле кылат? Карышкыр кой кайтаргандай эле болуп калат. Канча жылдан бери бажы боюнча иликтөө болуп жатат. Андыктан эл "ким келди, Матраимовдун адамдары эмеспи" деген сыяктуу суроолорго көңүл бурат. Бийликтин капчыгы алмаштыбы? Жаңы келген бала бизнестен сырткары таанымал эмес. Эмне максатта кызматка келди?", - деп суроо салды Нурсултан Акылбек.

Акылбек Жапаров ишенген кадр

Азырынча жаңы төрага Адилет Кубанычбеков келечек пландары жана ага катталган бир нече компаниялар жөнүндө медиага комментарий бере элек. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депуттардын суроолоруна жооп берип жатып, Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчисине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын билдирген. Ошондой эле Жапаров "бажыдагы болгон көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен кызматка барды" деди.

"Бизнесмендердин баарына бирдей саясат болот. Ачык-айкындуулук болот. Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге бажы, өкмөт жардам берет. Мындан ары азыркыдай оюндар токтойт", - деди Жапаров.

26-октябрда Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи Адилет Кубанычбеков менен кошо жаңы орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков дайындалган.

Юрист Эрик Ирискулбеков буга чейин укук коргоо тармагындагы бей өкмөт уюмдарда иштеп келген.

Ал эми кaktus.media басылмасы Азамат Абдыкалыков буга чейин Кубанычбековдун ишканаларында иштегенин жазды.

Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Улукбек Марипов кызматта турганда бажы тармагындагы кадрларды алмаштыруу берүүдөн натыйжа чыкпай турганын белгилеп, системаны өзгөртүү саясаты жүргүзүлөрүн билдирген болчу.

Министрлер кабинетинин жакында дайындалган төрагасы, президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бажы кызматына жаңы жетекчилерди дайындоо менен дымактуу пландар бар экенин жарыялады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Ачыктыкка өтүшүбүз керек. "Азаттык" айтып жаткандын баары бүтөт. Биз 20% товардын ачыктыгында эле жүрөбүз. Дүйнө жүзү 80% ачыкка өттү. Биз ишкерлерди ачык иштегенге үйрөтөбүз. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9% эсептебегенде) кийинки жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, автоунаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 машине "Эркечтамдан", 30у "Торугарт" өткөрмө пунктарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу автоунааларды эки эсе көбөйтөбүз деп жатышат",-деди ал 27-октябрдагы парламент жыйынында.

Экономист Эмил Ашимбаев бийликтин бажы тармагында реформа кыларына ишенбейт. Ашимбаев "Фейсбуктагы" баракчасында бажыдагы акыркы дайындоолорду кескин сындаган пикирин калтырды.


Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан бир жарым миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG