Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Соттолгон бажычылар шайлоого баратат


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Коррупция” беренеси менен соттолгон мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиевди парламенттик шайлоого талапкер кылып каттады. Сот аны Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен бирге Бажыда коррупциялык схема түзгөн деп тапкан.

Мурдагы бажычылар кантип катталды?

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады.

Ал быйыл 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ражабалиевдин соттуулугу быйыл 4-мартта жоюлганын билдирип, БШК 27-октябрдагы жыйынында аны талапкер кылып каттаган. Шайлоону өткөрүү боюнча негизги орган эгерде талапкердин соттуулугуна байланыштуу мыйзамсыз иштер аныкталса, ал шайлоо учурунда же депутат болуп шайланса да талапкерлиги жокко чыгарыларын эскертти.

“Мыйзамда кимдер шайлоодо талапкер боло албайт деген тизме бар. Эгерде соттуулугу жоюла элек болсо ал талапкер болуп катталбайт. Ички иштер министрлигинен соттуулугу жок деген маалымат келсе биз каттайбыз да. “Түндүк” системасында бул тууралуу бардык маалыматтар илинип турат. Аны эч ким колго жасай албайт. Ошондуктан ИИМдин билдирүүсү расмий документ”, - деди БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов.

Нурлан Ражабалиев.
Нурлан Ражабалиев.

ИИМ адамдын жеке маалыматы деген негиз менен Нурлан Ражабалиевдин соттуулугу кандай шартта жоюлганы тууралуу маалымат берген жок. Сот болсо ага 27-январда чыккан өкүмдү гана көрсөттү. Мурдагы бажычы шайлоого талапкер болуп катышып жатканы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Анын атасы уулунун соттуулугу жоюлганын ырастады.

Тергөө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында бажы тармагында коррупциялык схема түзүп, ага ошол кездеги бажычылар Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаев да аралашканын аныктаган. Бул жылдар аралыгында “Эркечтам” өткөрмө пункту аркылуу транзит режиминде жүк ташып өткөн 16 761 машиненин ар биринен алар 860 доллардан алып турганы такталган.

Жыйынтыгында Матраимов бюджетке келтирген зыяндын ордун толтуруш үчүн мамлекетке 2 миллиард сом, Нурлан Ражабалиев 12 миллион сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 миллион сом төгүп берген. Алар Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып тергөө менен да кызматташууга барган.

Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев болсо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Интернетке чыккан тизмесинде талапкерлердин катарында жүрөт.

“Жазык кодексинин 94-беренесинде соттолгондук жана аны жоюу тууралуу жазылган. Анда “Кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин соттолгондугу жок, ал эми соттолгондугу жоюлган деп төмөнкүдөй мезгил өткөндө эсептелинет: Биринчи, үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда, Экинчи, жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда, Үчүнчү, он беш жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда” деп жазылган. Булар “Коррупция” беренеси менен соттолгон. Бул беренеге эч кандай жеңилдетүү каралган эмес”, - деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова.

Матраимовдун маселеси көтөрүлдү

Коррупцияга шек саналып соттолгон мурдагы бажычылардын талапкер болуп катталышы Бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу парламентте ар кандай сөздөр айтылып жаткан учурга туш келди. Укук коргоочу Динара Ошурахунова акыркы окуяларды Матраимовду реабилитация кылуу аракети катары баалады.

“Парламентте депутаттар да “Матраимов татыктуу. Ошону эле Бажы кызматына коюп койбойлубу” деген сөздөрдү айтканын көрбөдүкпү. Бул тамаша-чыны аралаш болгону менен бара-бара талап катары кабыл алынып калат”.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Мейкинбек Абдалиев, Бактыбек Райымкулов Матраимовду парламент трибунасынан колдоп, өкмөттү андан кеңеш алууга чакырган. Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Матраимовду кайра кызматка алып келүү ниети жок экенин билдирген.

“Матраимов 2 миллиард сомду бюджетке төктү. Андан сырткары соода борборун, үйлөрүн алдык. Соода борбору калкты тейлөөчү жай болду. Батирлерди болсо дарыгерлерге бердик. Ал күнөөсүн моюнуна алганы үчүн ушулардын баарын берди да. “Аны кызматка алып келиш керек, менеджер” деп айткандар өзүн блогер деп атаган адамдардын чыгарып алганы болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок”.

“Коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түштү”

“Альянс” партиясынын тизмеси менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (ред: бул кызмат быйыл март айында жоюлган) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев шайлоого баратат.

Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр октябрь айында өзгөчө көп өлчөмдө пара алган деген шек менен кармаган. Кийинчерээк Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом зыянды төлөп берген. Анын иши эмне болгону тууралуу расмий маалымат жок.

Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек акыркы окуялар бийликтин коррупцияга каршы күрөш саясатына көлөкө түшүрдү деп эсептейт.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“Соттолган адамдар кайра бийликчил деген партиядан жана Баткен облусунан шайлоого талапкер болуп катталышы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ушундан кийин коррупцияга каршы иштер кандай жүрүп жатканы элге түшүнүктүү болду. Мыйзамда айып пулду төлөп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк болгону менен ал бийликке көлөкө түшүрдү. Бул жерде Ражабалиев, Боронбаев эле эмес. Партиялардын тизмесин карасаңар соттолгон башка да кишилер жүрөт. Беш-алты жыл мурун соттолуп, азыр шайлоого катышып жатса мейли. Бирок былтыр соттолуп, иши быйыл бүткөндөр деле жүрөт. Экинчиден, моралдык жоопкерчиликти караш керек да. Алар кылмышты кылганын моюнуна алып айып төлөп туруп кайра парламентте элдин атынан кантип иштейт?”.

Мурда соттолуп быйыл парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандар арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов да бар.

Ал 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактаган" деген айыптар менен камакка алынган.

Сот аны 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыраткан. Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 2019-жылы 12-июлда мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулган. Ал быйыл Жогорку сот тарабынан акталганын билдирди.

“Менин ишимде бир да күбө болгон эмес. КТРКдан сүрөтүмдү анан куралдарды коюп эле аларды менден алгандай кылып көрсөтүп коюшкан. Бул иш боюнча эми акыйкат чечим чыкты. Соттун чечимдери бар. Анын баары БШКга берилген”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоонун үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG