Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Максат Кунакунов эркиндикке чыкты


Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулду.

Сот Кунакуновдун ишин быйыл январда күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы мыйзамдардын негизинде 12-июлда караган. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастады.

Экс-депутат 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар менен камакка алынган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал ошол кезде өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирип келген. Атайын кызмат экс-депутаттын кыйноо тууралуу маалыматын четке каккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG