Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Садыр Жапаров Глазгого учуп кетти 


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда, иш сапары менен Шотландиянын Глазго шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчысы 1-2-ноябрь күндөрү БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына катышат жана дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт.

Расмий кабарга ылайык, Жапаров саммиттин алкагында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушат.

Делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар.

Глазгодо 31-октябрдан 12-ноябрга чейин өтө турган БУУнун конференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн эки градустан ашырбоого аракеттерди көрүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG