Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

Садыр Жапаров: Саясий куугунтук жок, мыйзам иштеп жатат


Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.
Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Мамлекет башчысы күч органдарына суракка чакыруулардын себеби бар экенин, система жана мыйзамдар иштеп жатканын белгиледи:

“Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.

Жапаров бийликке 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин келген.

Учурда Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана башка саясатчылар менен аткаминерлер камакта. Айрым саясатчылар азыркы бийлик да мурдагы жетекчилер сыяктуу өз оппоненттерин куугунтукка алып жатканын айтып келишет. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG