Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Садыр Жапаров: Мектепте исламды гана эмес, бардык диндерди окутуу тапшырмасы берилди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтөт. Бул тууралуу 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров айтты.

Ал бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып ишти баштоо тапшырмасы берилгенин билдирди:

“Мектепке диндерди таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабак киргизсек жакшы болот эле. Тапшырма берилген. Себеби биздин коомчулук алты башка диний агым менен жүрүп жатабыз. “Бир эле кыргыз улутубуз, бир эле исламды кабыл алганбыз” дейбиз, бирок алты башка агым менен кетип жатабыз. Алардын мүчөлөрү жүз миң дегенге жетип калды бүгүн. Бул проблеманы мектептен баштап, тамырынан кыркышыбыз керек. Жалбырагы, бутагы менен күрөшө берсек алыбыз жетпейт. Ал үчүн мектептен баштап туура түшүнүк беришибиз керек. Ошондо 15-20 жылдан кийин таза коом алабыз. Отуз жылдан бери мээсине, денесине сиңирип алган ата-энелерди, балдарды 1-2 жылда буруш кыйын. Ошентип түздөп алсак болот. Ошого жетебиз Кудай буюрса”.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат.

Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар.

Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG