Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Жапаров: Мамлекеттин Матраимовду кызматка кайтаруу саясаты жок (видео)


Президенттин басма сөз жыйыны.
Президенттин басма сөз жыйыны.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кайра кызматка алып келүү тууралуу мамлекеттин саясаты жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров басма сөз жыйынында билдирди.

"Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн алып төгүп берди. Ал өз күнөөсүн моюнуна алды. Аны менежер деп айткандар өзүн блогер деген адамдардын чыгарып алганы болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок".

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Мейкинбек Абдалиев, Бактыбек Райымкуловдор Матраимовду парламент трибунасынан колдоп, андан кеңеш алууга чакырышкан.

Атайын кызмат 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Райымбек Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзүшкөнүн билдирген. Матраимов бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөнү белгилүү болгон.

Анын ишин Биринчи май райондук соту 11-февралда карап, "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөсүн моюнуна аларын айткан.

Атайын кызмат Матраимовду ушул жылдын 18-февралында камакка алып, кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана Матраимов эркиндикке чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG