Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Садыр Жапаров: Орхан Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар


Орхан Инандынын тарапкерлери. Бишкек. Архивдик сүрөт.
Орхан Инандынын тарапкерлери. Бишкек. Архивдик сүрөт.

"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар. Бул тууралуу 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди:

“2016-жылдан бери 2-3 жолу аракет кылышкан экен. Биз бийликке келгенге чейин эле Ош тараптан алып чыгып, салып бергенге да аракеттер болгон экен. Биз келгенден кийин да акыркы жолу болгон. Өзүн чакырып, айтып... Өзү да билет экен. “”Ооба. Аркамдан жүрөт. Уурдап кетебиз деп төрт жылдан бери аракет кылып жатат” деген экен. “Сен күзөтчүсүз жүрбө. Кеминде 2-3 адам менен жүр” деп айтылган, ошону менен кеткен. Тигиндей болду, эми, албетте, биздин да мамлекеттик кызматкерлердин убагында көзөмөлгө алып, карабаган кемчилиги бар. Революция, башаламандык, кыйынчылык болуп жаткан мезгилде биздин эле эмес, аймактагы башка 2-3 өлкөдөн “ФЕТО уюмуна тиешелүү” деген адамдарын алып чыгып кеткен учурлар бар”.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды быйыл 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Бишкектен уурдоо учурунда Инандынын колун сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG