Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Коомдук ишмер Чыныбай Турсунбеков эскерилди


Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси
Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси өтүүдө. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп жаткан иш-чарага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер катышууда.

Эскерүүгө келген замандаштары коомдук ишмердин жасаган эмгегин белгилеп кайрылуу жасаса, өнөр адамдары анын жазган ыр саптарын окуп, обондуу ырларын аткарышты.

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июль айында 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү 7-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүндө жерге берилген.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Жогорку окуу жайды бүтүргөн соң “Кыргызстан” басмасына редактор болуп эмгектенген. Кийин Кыргызстан Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасына тапшырган. 1988-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.(MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG