Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Беларус-поляк чек арасын бузгандар көбөйдү


Поляк-беларус чек арасы.
Поляк-беларус чек арасы.

Польшанын чек арачылары өткөн суткаларда беларус-поляк чек арасын 700дөн ашуун бузуу аракеттери болгонун каттады.

Польша чек ара көзөмөлүн күчөтүп, Беларус тараптан келип жаткан мигранттардын агымын токтотуу чараларын көргөнүн чек ара кызматы жарыялады.

Евробиримдиктин чек арасын кайтаруу күчөтүлдү

Польшанын чек ара кызматы 30-31-октябрь күндөрү беларус-поляк чек арасын кесип өтүп, Евробиримдиктин аймагына кирүүгө 727 жолу аракет жасалганын билдирди. Алардын арасынан Ирактын төрт жараны кармалганы кабарланды. Бул Беларустан Польшага мыйзамсыз кирүүгө жасалган соңку айдагы эң жогорку көрсөткүч. Чек арачылар муну суук түшүп бараткандыктан Беларуста арабөк абалда турган мигранттар улам чек араны бузуп жатканы менен түшүндүрдү.

Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер чек аралар эми биргеликте кайтарыларын билдирди:

Берлин. Хорст Зеехофер, Германиянын ички иштер министри
Берлин. Хорст Зеехофер, Германиянын ички иштер министри

"Биз колдойбуз. Бул тууралуу мен польшалык кесиптешиме жазган катымда дагы "биз поляк өкмөтүнө Беларустан өтүп келип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымынан коргонууда жардам бере турганыбызды билдирдим. Ушундай эле колдоо Литва менен Латвияга да көрсөтүлөт". Мен кесиптештерге чек араларды чогуу бакылоону дагы сунуштадым", - деди Хорст Зеехофер.

Евробиримдик Александр Лукашенкону Беларус аркылуу жасалма түрдө миграциялык кризисти уюштуруп жатат деп айыптоодо. Ирак, Сирия, Йемен жана Иран жарандары Беларуска учуп келип, чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү белгиленди. Лукашенко Евробиримдиктин чыгыш дарбазасын буга чейин тосуп келгенин, эми тоспой турганын айткан:

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

"Биз буга чейин мыйзамсыз мигранттарды эч кандай визасыз, таңгак-таңгак гранттарсыз эле кармап берип келдик. Эми аны унуткула. Эми өзүңөр кармап алгыла. Беларустар эми аларды коргобойт. Литвага, Латвияга жана Польшага миңдеген мыйзамсыз мигранттар агылууда. Алар азыр эми бизден мигранттардан, аткезчилерден жана маңзаттарынан коргоону талап кылышууда. Азыр алардан “силер эми эсиңерге келдиңерби” деп сурайын дедим эле. Силер бизге каршы гибриддик согушту баштадыңар. Анан кайра бизден мурдагыдай коргоону талап кыласыңарбы?" - дейт Лукашенко.

Жакынкы Чыгыштан агылган мигранттар

Польша менен Балтика өлкөлөрү Беларустун туристтик компаниялары мыйзамсыз мигранттарды атайын ташып келип, чек арага жеткирип жатканын айтышууда. Бирок беларус тарап буга алардын тиешеси жоктугун айтып, бирок Минскиге Жакынкы Чыгыштан туристтер көбөйүп жатканын ырастады:

Минск. Андрй Савиных. Беларус парламенттинин депутаты.
Минск. Андрй Савиных. Беларус парламенттинин депутаты.

"Минск ирактык туристтер үчүн абдан популярдуу багыт болуп бара жатат. Баса белгилей турган жагдай, биздин өлкөгө келип жаткан бул адамдар чынында эле биздин маданият жана биздин цивизилиация менен таанышкысы келет. Бул абдан жагымдуу көрүнүш", - деди беларус парламенттинин депутаты Андрей Савиных.

Польша Беларус менен чек арасын чыңдап, чек арачылардын санын көбөйткөн. Германия чек ара көзөмөлүн күчөтүп, мигранттардын агымын токтотуу үчүн жүздөгөн полиция кызматкерин жиберди. Польшага өтүүнү көздөп, чек арадан кармалган Судандын жараны Усякач бул жакка кантип келип калганын айтып берди:

“Биз алгач Лукашенко чек араларды ачып салганын жаңылыктардан окудук эле. Башында ишенген эмеспиз. Бирок кийин видеолордон Беларус аркылуу өтүп жаткандарды көрдүк. Анан биз дагы жөнөдүк”.

Беларус талааларын аралаган "туристтер"

Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чектешкен аймактардагы жолдордон Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген мигранттардын агымы байкалган видео тасмалар да интернетке тараган.

Миграциялык агымдын күчөшүнө байланыштуу өткөн айда Варшава өзгөчө абал жарыялап, чек арасын тикен зымдар менен коргондоду. Беларус менен чектеш аймагын тосууга поляк өкмөтү 407 млн. доллар бөлдү.

Польша “чек арасыз дарыгерлер” уюмунун арасында мигранттарга медициналык жардам көрсөтүүгө уруксат берүү өтүнүчүн четке какты. Бул уюм беларус-поляк чек арасында туруп калган жаш балдар менен аялдарга - чет элдик мигранттарга жардам берүү боюнча кайрылган болчу. Маалымат боюнча чек арада жүздөгөн мигранттар ары, же бери өтө албай, арабөк абалда калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG