Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Беларустан Польшага багыт алган мигранттардын агымы күчөдү


Польша менен Беларустун чек арасында кармалган ирактык мигранттар. 14-октябрь, 2021-жыл.
Польша менен Беларустун чек арасында кармалган ирактык мигранттар. 14-октябрь, 2021-жыл.

Польша соңку 24 сааттын ичинде 727 жолу Беларус менен чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети катталганын билдирди. Поляк медиасы өлкөнүн Чек ара кызматына таянып кабарлагандай, бул соңку айларда эки өлкөнүн чек арасында мигранттардын агымы күчөгөндөн берки эң жогорку көрсөткүч. 10-октябрда Беларустан Польшага 739 жолу мыйзамсыз кирүү аракети болгон.

Акыркы бир сутка ичинде Польшага өтүүгө аракет кылгандардын ичинен төрт чет өлкөлүк кармалды. Алардын баары Ирактын жарандары.

Расмий Брюссел Беларусту дээрлик 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин "мыйзамсыз мигранттардын Евробиримдиктин аймагына өтүп келишин уюштурууда" деп айыптап жатат. Расмий Брюссел Беларустагы 2020-жылдын август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки оппозицияга, жарандык коомго жана көз карандысыз медиа каражаттарына жасалган куугунтуктан улам Минскиге бир топ санкцияларды киргизген.

Лукашенко соңку маектеринин биринде мигранттар өз каалоосу менен Европага кетип жатканын айткан. "Беларус багыты" аркылуу Шенген аймагына өтүп келүүнү көздөгөн мигранттардын арасында Ирактын, Сириянын, Йемендин, Ирандын жарандары бар.

Өткөн аптада Польшанын бийлиги Беларус менен чек арасындагы аскерлердин санын көбөйтө турганын жарыялаган. Германия да мигранттардын агымын тескөө үчүн Польша менен чек арасына кошумча полиция кызматкерлерин жайгаштырган.

Ошондой эле, поляк депутаттары беларус чегинде 407 миллион долларга дубал куруу планын жактырган.

Расмий Варшава чек арада кармалып турган мигранттарга жардам көрсөтүүнү каалаган жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын аймакка барышына уруксат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG