Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Грузияда шайлоо жыйынтыгына каршы оппозициянын акциясы өтөт


“Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ника Мелиа.
“Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ника Мелиа.

Оппозиция 7-ноябрда Тбилисиде муниципалдык шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын бурмалоого каршы миңдеген кишинин катышуусунда нааразылык акциясы өтөрүн билдирди. Бул тууралуу “Бириккен улуттук кыймылдын” төрагасы Ника Мелиа Тбилисинин борборундагы грузин парламентинин имаратында тарапкерлери менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, келерки жекшембиге белгиленген акция Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини бошотуу талабы менен 14-октябрда өткөн митингден да чоң болот. Ар кандай маалыматтар боюнча, ал кезде Тбилисинин борборуна 15-30 миң адам чогулган.

31-октябрдын кечинде шайлоонун жыйынтыгына нааразы 2-3 миңдей киши Тбилисинин борборуна митингге чыгышты.

Ника Мелиа "компромиссиз күрөшкө" убада берип, 7-ноябрда ири демонстрация өткөрө турганын жарыялады.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрдагы жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында башкаруучу партиянын талапкерлери жеңишке жеткенин жарыялаган. Грузин оппозициясы бийлик шайлоону бурмалады деген негизде анын жыйынтыгын тааныган жок.

Беш ири шаарда – Тбилиси, Батуми, Рустави, Поти жана Кутаисиде мэрлер “Грузин кыялы” партиясынан болот. Тбилисидеги мэр шайлоодо аталган партиянын талапкери Каха Каладзе 55,5% добуш менен утуп чыкты. Оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдан" ат салышкан Никанор Мелия 44,5% алды.

20 шаардын 19унда бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын талапкерлери, ал эми Цаленжихада гана оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери жеңишке жетишти. Жергиликтүү кеңештердин 42 округунун 25инде “Грузин кыялынын” талапкерлери жеңишке жетишти, 15 округда оппозициянын талапкерлери жеңди. Жыйынтыктар жарыялангандан кийин оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдын" (ЕНМ) лидери Ника Мелиа шайлоону жараксыз деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG