Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган дүйнөлүк жыйыны ишин баштайт


Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Батыш Борду мөңгүсүнүн тили жылына 8-10 метрге чейин кыскарып жатат. 2021-жыл.
Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Батыш Борду мөңгүсүнүн тили жылына 8-10 метрге чейин кыскарып жатат. 2021-жыл.

Бүгүн, 1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган дүйнөлүк жыйыны ишин баштайт. 12-ноябрга чейин өтө турган конференцияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация да катышат. Анын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар.

Расмий маалыматка караганда, Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт жана чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушат. Президент баштаган делегация Глазгого 31-октябрда учуп кетти.

Глазгодогу конференция климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашырбоо үчүн чара көрүүгө милдеттүү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG