Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыкты


Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев.

Бишкектеги Свердлов райондук соту активист Бакай Кашкарбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, 31-октябрда аны үй камагына чыгарды.

Шаардык милиция аны 29-октябрда камаган жана Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", 355-беренесиндеги "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси - "Майда бейбаштыкка" байланыштуу айып коюлган. Тергөөгө ылайык соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн.

Кашкарбаев "Элдик көзөмөл" деп аталган кыймылдын башчысы, 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.

29-октябрда президенттик администрациянын алдында Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары чыгып, Кашкарбаевге чара көрүүнү талап кылышкан.

Башкы прокуратура анын социалдык тармактагы баракчасына бийлик өкүлүн коркутканы же ага карата зомбулук көрсөткөнү чагылдырылган видеотасмалар жарыяланганы үчүн январда кылмыш иши козголгону кабарлаган. Кийинчерээк айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG