Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Шайлоо-2021: чет өлкөлөрдө 59 добушкана ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добушкана уюштуруларын билдирди. Ага ылайык, алардын 10у Орусияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда жаңы ачылат.

Жалпысынан Орусияда 20, ал эми АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Италия менен Кытайда экиден уюштурулат.

Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Дүйшөмбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт жана Эр-Риядда бирден шайлоо тилкеси болот.

Буга чейинки шайлоолордо 48 добушкана ачылган. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар.

Былтыркы парламенттик шайлоого 9300 миңдей адам катышкан. 2021-жылы референдумда 3,5 миңдин тегерегиндеги жаран гана добуш берген.

Шайлоочулар эң көп катышкан учур быйылкы президенттик шайлоодо болуп, ага 13,5 миңдей киши келген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG