Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Сузакта 15 жаштагы кызды КамАЗ басып каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Сузак районунда 15 жаштагы кызды КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа басып калып, каза тапты. Окуя 31-октябрда кечки саат 6га жакын болгон.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жыгач-Коргон айылында КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай, машине оодарылып кеткен. Кыз окуя болгон жерде көз жумган.

Kaktus.media басылмасы КамАЗ таш жүктөп баратканын, таш кыздын үстүнө кулаганын жазды.

Окуяны Сузак райондук милициясы жол кырсыгы катары каттап, чоо-жайын териштирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG