2-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Акыркы бир суткада 98 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 38и Бишкекте, 36сы Чүй облусунда.
Өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2674кө жетти.
Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миңден ашып, алардын 175 миңден көбү айыкты.
Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 744 миңдей адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Бир адам эки доза менен эмделет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.
Кыргызстанда 18 жаштан өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.