Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Facebook Казакстанга ички системасын колдонууга укук бергени кабарланды


Facebook компаниясынын логотиби.
Facebook компаниясынын логотиби.

Казакстан Facebook социалдык түйүнүнүн мазмун (контент) тууралуу даттанууга мүмкүнчүлүк берген ички системасын колдонууга уруксат алды. Бул тууралуу казак өкмөтү менен Facebook түйүнүнө ээлик кылган Meta Platforms компаниясынын 1-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө айтыларын Казакстандын Маалымат министрлиги кабарлады.

"Facebook Казакстанга мазмунга даттануу системасын колдонууга түз жана эксклюзивдүү укук берди. Бул система казак өкмөтүнө Facebook түйүнүнүн саясатын жана Казакстандын жергиликтүү мыйзамдарын бузган контент тууралуу кабарлап турууга жардам берет", - деп белгиленген билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Маалымат министрлигинин эксперттери Facebook компаниясында машыгуудан өтүп, жогорудагы система менен 1-ноябрдан тарта иштей башташты.

Адистер Борбор Азияда биринчи болуп Казакстанга ушундай укук берилип жатканын, бул казак өкмөтүнө социалдык түйүндөгү өзү "зыяндуу" деп эсептеген маалыматтарды алып салууга мүмкүнчүлүк берерин айтып жатышат.

Сентябрь айынын ортосунда казак парламентинин төмөнкү палатасы (Мажлис) өлкө ичинде жергиликтүү кеңселерин ачпаган чет өлкөлүк социалдык түйүндөргө бөгөт коё турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын интернетти утур-утур чектеп турарын билдирип келишет. Freedom House эл аралык уюму "Интернет эркиндиги" деп аталган баяндамасында Казакстанды эркин эмес мамлекеттердин катарына кошкон. Соңку жылдары өлкөдө ондогон оппозициячыл активисттер жана укук коргоочулар социалдык тармактарга жарыялаган сынчыл көз караштагы билдирүүлөрү үчүн айыпка жыгылып, айрымдары абакка түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG