Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 5 миллиондон ашты


Киевдеги ооруканалардын бири, 1-ноябрь 2021-жыл.
Киевдеги ооруканалардын бири, 1-ноябрь 2021-жыл.

1-ноябрда дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 5 миллиондон ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 2019-жылдын декабрь айында Кытайда коронавирус адеп аныкталгандан бери бул инфекцияны жугузуп алгандардын саны 247 миллионго жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун курмандыктарынын чыныгы саны расмий айтылгандан 2-3 эсе көп болушу мүмкүндүгүн билдирип келет.

Коронавирустан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ (745 миң өлүм), Бразилия (607 миң), Индия (458 миң өлүм), Мексика (288 миң) жана Орусия (239 миң) турат.

Учурда пандемия дүйнөнүн айрым аймактарында басаңдаса, Чыгыш Европа сыяктуу кайсы бир региондордо кайра күчөп жатат. Эмдөө солгун жүргөндүктөн Орусияда, Украинада жана Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүндө соңку апталарда коронавирусту жугузуп алгандардын саны жогорку чегин көрсөтүүдө.

Орусия вирусту ооздуктоо максатында 30-октябрдан 7-ноябрга чейин көпчүлүк мамлекеттик мекемелер жана жеке бизнестер үчүн каникул жарыялады. Украинанын баш калаасы Киевде да 1-ноябрдан тарта жаңы эрежелер ишке кирди. Эми шаардын тургундары ресторан-кафелерге, спорт залдарына жана соода түйүндөрүнө кирүү үчүн коронавируска каршы эмделгенин же тесттен өткөнүн күбөлөгөн сертификаттарды көрсөтүшү кажет. Чехиядагы ресторандарда да ушундай эрежелер киргизилүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG