Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Молдованын президенти өлкөдө газ кризиси аяктаганын айтты


Молдованын президенти Майя Санду Киевдеги жыйында, 23-август 2021-жыл.
Молдованын президенти Майя Санду Киевдеги жыйында, 23-август 2021-жыл.

Молдованын президенти Майя Санду көгүлтүр отундун импортуна байланыштуу орусиялык "Газпром" компаниясы менен беш жылга келишим түзүлгөнүн, өлкөдө энергетикалык кризис аяктаганын жарыялады.

Жаңы келишимге ылайык, Орусия 1-ноябрдан тарта Молдовага кайра газ бере баштады. Эки өлкөнүн ортосундагы көгүлтүр отундун баасына байланыштуу пикир келишпестиктен улам Молдовада газдын тартыштыгы пайда болгон эле.

"Молдовагаз" менен "Газпромдун" ортосунда келишимге кол коюлушу менен газ кризиси аяктады деп ишенем", - деп билдирди Майя Санду.

"Газпром" менен буга чейинки келишим сентябрь айында соңуна чыккан. Эки тарап жаңы келишимдеги газдын баасы боюнча орток пикир таба алышкан эмес. Натыйжада "Газпром" газдын миң кубунун баасын 550 доллардан 790 долларга көтөргөн. Буга байланыштуу Молдовада өткөн айда өзгөчө кырдаал жарыяланган жана өлкө көгүлтүр отунду башка мамлекеттерден ала баштаган.

Орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү жетектеген Молдованын вице-премьер-министри Андрей Спину расмий Кишинёв "Газпромго" көгүлтүр отундун рыноктогу баасынын дээрлик жарымын гана төлөй турганын билдирди. Анын айтымында, "Газпром" менен келишимде 1 миң куб метр газдын баасы 400-450 доллар деп белгиленген.

Маалыматка ылайык, эки тарап "Молдовагаздын" "Газпромго" 700 миллион доллардык карызы боюнча аудио жүргүзүүнү, карызды кайтаруу жолдорун кайра сүйлөшүүнү макулдашты.

Айрым байкоочулар Москва газ маселесин Молдовада Батыш менен алаканы бекемдөөнү көздөгөн Майя Сандунун бийлигине каршы курал катары колдонуп жатканын айтып жатыша. Орусия газдын баасы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды эске алуу менен көтөрүлгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG