Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын сотто кароо 3-ноябрга жылды


Саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын сотто кароо 3-ноябрга жылды. Отурум 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, бирок судья ооруп калгандыктан башка күнгө жылдырылганын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган. Буга байланыштуу адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирүүдө.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров саясатчыны бошотуп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып сот имаратынын алдында 1-ноябрда пикет өткөрдү. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жээнбековдун жагдайына көңүл бурууну суранды.

БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришкен.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG