Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Машыктыруучу Крестинин "Дордой" футболдук клубунан кетти


Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

Александр Крестинин Бишкектин "Дордой" футбол клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Ал кызматтан кетүүгө өзү өтүнүч келтиргени клубдун сайтында кабарланды. Крестинин команданы 2017-жылдан бери машыктырып, башкы насаатчы катары 169 беттеш өткөргөн.

42 жаштагы Александр Крестинин мурда "Нефтчи" футбол клубунун башында турган. 2014-жылы Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучулук кызматына келген. Ага удаа Бишкектин командасын да машыктырган.

Быйыл август айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол бирлигин сындап, Крестининдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан.

Крестинин менен кызматташуунун келечеги боюнча маселе тандоо оюндарынын жыйынтыгына жараша кабыл алынарын Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти болуп жаңы шайланган Медер Сыдыков билдирген.

"Азаттыктын" архиви: «Ак шумкарлар»: Биздин максат - дүйнө чемпионаты

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG