Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Акин Токталиевдин президентке каршы жазган арызы сотто каралат


Акин Токталиев
Акин Токталиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровдун жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректин үстүнөн жазган арызы сотто каралат. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 16-ноябрда караларын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Токталиев соттон келген чакыруу кагазын "Азаттыктын" кабарчысына көрсөтүп, арызы үч жолу артка кайтарылып, оңдоп-түзөтүүлөр менен төртүнчү жолкусунда, 14-октябрда кабыл алынганын айтты. Ал "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалык кызматынан негизсиз бошотулгам" деп эсептейт.

"Кызматтан алганда президент менен ошол кездеги басма сөз катчысы (ред. Галина Байтерек) мени экстремистке теңеп коюшкан", - деген Токталиев кечирим суроону талап кылууда. Мурда "Азаттыкка" берген комментарийинде 100 миллион сом доо өндүрүүнү кааларын айткан эле.

Президенттик администрация буга комментарий бере элек. Азырынча Галина Байтеректен да комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Акин Токталиевдин диний мазмундагы талаштуу билдирүүлөрү буга чейин талкууга түшкөн. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы кызматына 2020-жылдын 13-ноябрында дайындалып, 2021-жылдын 9-февралында бошотулган. Ал мурда Садыр Жапаровдун адвокаты да болгон.

Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата мамлекет башчысы аны "Даңк" ордени менен сыйлаган. (KE\SE)

XS
SM
MD
LG