Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

"XXI кылымдын духун чагылдырган чыгармаларды жаратсак"


Арслан Капай уулу Койчиев.

Жакында эле кыргызстандык белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү. Евразия жазуучулар бирлиги анын бет ачарын Бишкек шаарында өткөрдү.

Өткөн жылы Арслан Капай уулу Койчиевдин "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романы Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгү" басмаканасынан "Bedel gecidindeki lanet" деген аталыш менен жарык көргөн эле. Андан мурун "Бакшы менен Чынгыс хан" романы түрк тилине которулган.

Биз жазуучу Арслан Капай уулу менен чыгармачылыгы жана кыргыз адабиятынын азыркы абалы, чыгармачыл интеллигенциянын коомдогу орду тууралуу маек курдук.

- Жаңы чыгармаңыз "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" дароо эле түрк тилинде китеп болуп чыкты. Эмне үчүн кыргызчадан мурун түрк тилинде чыгарайын деп чечтиңиз?

- Соңку учурда жазган чыгармамдын түрк тилинде жарык көрүп калышынын себеби бар. Аны алгач кыргызча жазып бүткөндөн кийин илимий эмгек, макала жазып, менин чыгармачылыгым менен шугулданып жүргөн тааныш котормочуларым бар эле, ошолорго салып жиберсем, алар окуп абдан жактырышты. Алар буга чейин да “Мисмилдирик” менен “Айта бар менин кебимди”романдарымды изилдеп, түрк тилине которуп, Түркияда ошол чыгармалардын жарык көрүшүнө кол кабыш кылышкан. Анын үстүнө көптөн бери Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгү" басмаканасын менен да кызматташып жүрөм. Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Омероглу өзү да бул чыгармамды которуп, басып чыгарууга уруксат сурады, мен макулдугумду бердим. Негизи чыгарма кыргызча басылып чыга элек болчу, оңдой турчу жерлерим бар эле. Бирок түрк замандаштарым жактырып жаткандан кийин, алгач түрк тилинде жарык көрүп кетти.

- Белгилүү адабиятчы Эсенбай Нурушев сизди “түркиялык жазуучу Орхан Памуктан кем калбайт” деп, чыгармаларыңызга жогору баасын бериптир. Буга чейин дагы эки чыгармаңыз түрк тилинде жарык көрдү да. Жаңы эмгегиңизди түркиялык калемдештериңиз, жалпы эле түрк окурмандары кандай кабыл алды?

- Бул чыгарма түрк тилинде жарык көргөндөн кийин Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы баш болуп түрк коноктор Бишкекке келип, сентябрь айында китептин чакан бет ачар аземин өткөрдүк. Ал жерде эки өлкөнүн китепкөй ышкыбоздору, адабий сынчылар, жалпы эле китеп күйөрмандары чогулуп, көп сөз болгон. Анын ичинде белгилүү адабиятчы, атактуу журналист Эсенбай Нурушевдин берген баасы албетте, толкундантты, көңүлдү көтөрдү. Буга чейин ал кеби башка маалымат булактарында жарыяландыбы билбейм, бирок жакшы кабыл алган экен деген ойдо калдым. Ал эми түркиялык калемдештерим да чыгармаларымды жылуу кабыл алып жүрөт деп эсептейм. Анткени айрым түрк окурмандарынан бул чыгарма боюнча, буга чейинки чыгармаларым тууралуу дагы түрк тилинде жакшы пикирлер келип турат.

- Бизде учурда кыргыз прозасы кандай багытта бара жатат? Артыкчылыктары, өксүктөрү эмнеде? Айрым адабиятчылар “кыргыз адабиятынын проза жанры аксап келе жатат” деп кулак кагыш кылган учурлар бар.

- Албетте, соңку жылдары кыргыз адабиятынын абалына кейиген маанай үстөмдүк кылып турат. Бизге чейинки үлкөндөр айтмакчы, кыргыз адабияты совет учурунда дүркүрөп өнүгүп, кыргыздардын 1000 жылдык тарыхында үч уктаса түшкө кирбеген чоң бийиктиктерди багындырды. Андан кийин чындыгында солгундап кеткен учурлар да болду. Бирок ошентсе дагы кыргыз адабиятынын потенциалы чоң деп эсептейм. Себеби, акыркы учурда өзүбүздү өзүбүз сындап, жакшы кептерди айтпай жүрөбүз. А улуу муундагылар “Биз кыргыздар өнөргө шыктуу элбиз” деп айтып калар эле. Ушинтип айтып жүргөн идеологдордун азыр көзү тирүүлөрү да бар, алды 80-90 жашка келип калышты. А булар кыргыз элинин таланттууларынын таланты ачылган доорду көрүштү да. Биз дагы бул нерседен үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Бир ирет ыраматылык Чыңгыз Айтматов менен да бул темада сүйлөшүп отуруп, “Кыргыз адабиятынын келечеги кандай, кандай элестетесиз?” деп суроо салдым эле. Ошондо ал дагы “Эл болгон соң ар бир доордо адабият жашай берет, өнүгө берет” деп жооп бергени эсимде.

“Чыгамарчыл интеллигенция иденттүүлүктү сактап келген”

- Дегеле, өлкөнү алдыга сүрөөдө чыгармачыл интеллигенциянын миссиялары кандай болушу керек? Азыр кандай?

- Чыгармачыл интеллигенциянын өлкөнү алдыга сүрөөдөгү орду зор. Биз ушуга маани беришибиз керек. Себеби, кыргыз эли мамлекет жок кезде дагы чыгамарчыл интеллигенция биздин улуттук биримдикти, улуттук аң-сезимди, иденттүүлүктү, улуттук жалпылыктарды калыптандырып, элдүүлүгүбүздү сактап келген. Мына ушундан эле чыгармачыл интеллигенциянын ролу кандай болуп келгендигин билсек болот.

Ал эми азыркы шартта, XXI кылымда чыгармачыл интеллигенциянын милдети ого бетер өстү, муну бул чөйрөдөгү ар бир адам түшүнүшү керек. Глобалдуу дүйнөдө башка элдерден кем эмес дымагыбызды, чыгармачыл дараметибизди көрсөтө билишибиз керек. Бул жагынан көп идеялар бар. Мен айрым чыгармачыл топтор менен сүйлөшө калганда айтып калам, өзгөчө адабият, театр, кино, сүрөт өнөрүнүн ээлери XXI кылымдын духун чагылдырган, татыктуу чыгармаларды жаратсак, бул дагы биздин элдин деңгээлин жогорулатууга, өнүктүрүүгө болгон салымыбыз болот.

Маектин аудиосун бул жактан угуңуз:
"XXI кылымдын духун чагылдырган чыгармаларды жаратсак"
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:04 0:00

Айтматов жана Санги

- Нивх элинин атактуу жазуучусу Владимир Санги менен кыскача маегиңизди маалымат булактарынан окуп калган жайым бар. Анда Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасы тууралуу сүйлөшүп жатып, Сангиден бир чыгарманын идеясын да тамаша аралаш сурай кеткен экенсиз. Ошону ала алдыңызбы?

-Туура айтасыз, Санги менен сүйлөшүп отуруп ушундай тамаша кептер айтылган. “Учурунда Айтматовго бир чыгарманын сюжетин бериптирсиз, мага да бербейсизби” дегем. Тамашанын жөнү мындай, нивх эли өтө аз сандагы эл, санай келсек 7-8 миңдин тегерегинде эле болсо керек. Кытай элинен биз канчалык аз болсок, нивх эли бизден ошончолук аз экен. Мына ошол жоголуп бараткан элдин жападан жалгыз жазуучусу Владимир Санги. Аз элдин тагдыры ойлонтот албетте. Ал киши дагы өз элинин тагдырына кейип жаткандыгын, улуту менен тили кошо жок болуп жатканына арман кылып жатканын билдирди. Ойлоп отурсам, мындай кооптонуу аз сандагы бардык элдин башына акыр бир күнү келчү маселе экен.

- Сизди тарыхчы, жазуучу катары азыр адамзаттын кайсы көйгөйү көбүрөөк ойлонтот? Учурда жазып баштаган чыгармаңыз болгон болсо же келечекте жаза турган чыгармаңыз кайсы теманы көтөрөт?

- Адамзаттын көйгөйү, кызык тема. Жогоруда айткандай, биз кыргыздар деле дүйнөдөгү зор улуттардын көзү менен караганда нивх элине окшогон аз сандагы элбиз. Саныбыз XXI кылымда 6 миллионго араң жетти. Ошентсе дагы бизде кыргыз жазуучулары адамзаттын көйгөйү жөнүндө ой толгоп келген тенденция бар. Бул Айтматов баштаган бир нече жазуучуларыбыздын чыгармаларынан көрүнөт. А мен жеке адамзаттын тагдыры тууралуу көп деле ойлонгум келбейт. Адамзаттын тагдырын ойлонуп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги зор ойчулдар бар. Биз өз ишибизди кыла берели. Мени кыргыздардын тагдыры көбүрөөк ойлонтот. XXI кылымдагы, андан кийинки кылымдардагы тагдырыбыз санааркатат. Ошол себептен мен өзүмдүн чыгармаларымда маселенин ушул өңүтүнө, албетте адамзаттык жалпы контекст менен өзүмдүн элимдин тагдырын ойлогонго, ошону менен катар аларды ойлонтконго аракет кылам.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG