Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

АКШ: Ак үйдүн басма сөз катчысынан коронавирус табылды


Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки эмдөөдөн өткөнүнө карабай коронавирусту жугузуп алды. Бул тууралуу Псаки 31-октябрда "Твиттерге" жазып, оору жеңил өтүп жатканын билдирди.

Псаки үй-бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус табылганына байланыштуу өткөн шаршембиде президент менен кошо чет өлкөгө барбай турууну чечкенин, андан бери өзүн обочодо кармап, тест тапшырып келгенин, бирок жекшемби күнкү анализ оң жыйынтык көрсөткөнүн белгиледи.

"Мен өткөн шаршембиден бери президент менен же Ак үйдүн иш штабынын жогорку даражалуу мүчөлөрү менен жекеме-жеке жолукпасам да, акыркы байланыштан бери төрт күн бою тапшырган тесттеримен вирус табылбаса да, бүгүнкү тесттин жыйынтыгын ачык-айкындуулук үчүн жарыялап жатам", - деп билдирди Псаки.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, Италиядан Шотландиянын Глазго шаарына сапар алган президент Жо Байден акыркы жолу 30-октябрда тест тапшырган жана анын жыйынтыгы терс чыккан.

Президент Байден коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын үч дозасы менен эмделген. Ал үчүнчү дозаны 27-сентябрда алган эле.

XS
SM
MD
LG