Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Дүйшөмбүдө чек ара боюнча топография топторунун өкүлдөрү жолугушту


Сентябрда кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу Тажикстандын Исфара шаарында өткөн.
Сентябрда кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу Тажикстандын Исфара шаарында өткөн.

Кыргызстандын Министрлер кабинети жолугушуу 25-30-октябрь күндөрү "достук жана аз ара түшүнүшүү маанайында" өткөнүн кабарлады. Кезектеги жыйын эми Кыргызстанда болот, анын датасы азырынча белгисиз.

Эки өлкөнүн топографиялык топтору буга чейин 5-9-октябрда Баткендин Исфана шаарында жолугушкан жана анда эки тараптуу протоколго кол коюлганы маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу негизги көйгөйлөрдү атаган. Расмий Дүйшөмбүнүн Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер тууралуу позициясын Бишкек эч качан кабыл албай турганын билдирген. Анда Тажикстандын Мургаб району тууралуу да айтып өткөн.

Тажикстандын демократиялык партиясынын (ТДП) лидери Саиджафар Усмонзода "Азаттыктын" тажик кызматына комментарий берип, Жапаровдун сөзүн "чек ара маселесин чечүүдөгү басым" катары баалаган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG