Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Шайлоо-2021: Усубалиев Шыкмаматов тууралуу БШКга арызданды


БШК.
БШК.

Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Анда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени айтылат. Арызда "талапкер өзүн жарнамалоо менен үгүт иштерин жүргүзүү менен алек болду" деп айтылат.

БШК буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Арыз shailoo.gov.kg сайтындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо даттануулар жана бузуулардын реестрине катталган жок. Шыкмаматов дагы үн ката элек.

Аталган реестрге 1-ноябрга карата жалпысынан 23 арыз катталган. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты, №23 Жайыл шайлоо округунан талапкер Бактыбек Райымкуловго байланыштуу даттануу бар. Анда бул талапкер "Көк бөрү" федерациясынын 25 жылдыгына арналган улак тартыш мелдешинде жеңгендерге грамота, медаль өңдүү сыйлык тапшырганы, өзүнүн атынан бир тай бергени айтылат. БШКнын маалыматына ылайык, бул арыз Ички иштер министрлигине (ИИМге) текшерүү үчүн берилди.

Өткөн аптада БШК №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер Шайырбек Ташиевге үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн эскертүү берген. Анын алдында "Фейсбукта" Пери Орозбекова аттуу колдонуучу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырганын айтып, талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын жазган.

БШК анын билдирүүсүн текшерүү үчүн ИИМге жөнөткөн. Сузак райондук милициясы ал үйдү жеке ишкер курганын, Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан андан ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырууну суранып кайрылышканын билдирген жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 312 талапкер катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG