Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Казакстанда камактагы активист мык жутуп алганы кабарланууда


Активист Багдат Бактыбаев.
Активист Багдат Бактыбаев.

Казакстанда абактагы оппозициячыл активист Багдат Бактыбаев өзүн түрмөгө камоо чечимине каршылык иретинде мык жутуп алганы кабарланууда. Бул маалыматты укук коргоочу, "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 1-ноябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады. Ал мындай кабарды бир күн мурда Бактыбаевдин кесиптештеринен алганын, ушул тапта абактагы активист медициналык жардамга муктаж экенин айтты.

Укук коргоочу Торегожина муну алгач 31-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкккан. Бирок Казакстандын Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты "жалган" деп атаган.

Торегожинанын айтымында, учурда Бактыбаевдин адвокаты Казакстандын түштүгүндөгү Тараз шаарында жайгашкан колонияга кирүүгө жана ал жактагы активисттин абалы менен таанышып чыгууга аракет кылууда.

46 жаштагы Бактыбаев 2020-жылдын октябрь айында "тыюу салынган "Көчө" партиясына мүчө болгон" жана "мыйзамсыз баңгизат алып жүргөн" деген айып менен кармалган. Быйыл февралда эки жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын ноябрь айында казакстандык укук коргоо уюмдары Бактыбаевди "саясий туткун" деп тааныган.

"Көчө" партиясы бозгундагы казак бизнесмени жана оппозиционер Муктар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы менен байланыштуу экени айтылып келет. Казакстанда бул кыймылга да тыюу салынган.

"Хьюман Райтч Уочт" укук коргоо уюму казак өкмөтүн экстремизмге каршы мыйзамдарды сынчыл көз караштагы адамдарды жана жарандык активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонуп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG