Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Kloop басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жыл болду


"Клооп Медианын" логотиби.
"Клооп Медианын" логотиби.

Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири саналган Kloop басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жыл болду.

"Клооп Медиа" коомдук фондун 2007-жылы Бектур Искендер жана Ринат Тухватшин ачышкан. Басылма саясат жана адам укуктары жаатындагы темаларды чагылдырууга басым жасайт. Өлкөдөгү маанилүү окуяларды такай түз эфирде чагылдырат.

Кыргызстандагы фемицид, тагыраагы аялдарга зомбулук көрсөтүп өлтүрүү фактылары тууралуу изилдөөсү 2020-жылы дүйнөлүк The Sigma Data Journalism Awards сыйлыгын алган.

"Азаттык" радиосу жана "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) менен өнөктөштүктө жемкорлукка байланыштуу бир канча иликтөөлөрдү жарыялаган.

"Клооп Медиа" коомдук фонду жаш журналисттердин мектебин уюштуруп, журналистикага кызыккан улан-кыздарды жыл сайын кабарчылыкка даярдайт.

Internews уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, "Клооптун" кабарчылары дата-журналистика программасына жигердүү катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG