Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору алмашты


Акин Токталиев (солдо). Медер Карабаев (оңдо)
Акин Токталиев (солдо). Медер Карабаев (оңдо)

Президент Садыр Жапаров 9-февралда койгон жарлыктарга ылайык Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Акин Токталиев кызматынан бошотулуп, ордуна Медер Карабаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Акин Токталиев бул кызматка 2020-жылдын 13-ноябрда Садыр Жапаров өкмөт башчы болуп, президенттин милдетин аткарып турган учурда бекилген. Токталиев мурда Жапаровдун жактоочусу болгондон улам бул дайындоо кезинде сын-пикирлерди жараткан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эмгек жамааты жаңы жетекчи менен иштешүүдөн баш тарткан. Жамаат өз талаптары жазылган кайрылууну өлкө жетекчилигине жөнөтүп, жаңы директор иштешүүгө каршы болушун анын өзүнүн ашкере динчил экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Медер Карабаев буга чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында эксперт болуп иштеген. Ачык булактарда ал теолог жана дин изилдөөчү экени көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG